КАМБАР-АТА-1 ГЭСИН КУРУУ БОЮНЧА МАКУЛДАШУУ РАТИФИКАЦИЯЛАНДЫ

Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын Өкмөтү менен Орусия Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Жогорку-Нарын ГЭС каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.
Келишимге ылайык, Нарын дарыясына 8 ГЭС курулат. Алардын курулушуна сарпталчу чыгымды Орусия өзү табат. ГЭСтин 50 пайыз үлүшүнө Кыргызстан, 50 пайызына Орусия ээлик кылып, ГЭС өзүн актаганга чейин Кыргызстан өз үлүшүнүн 25 пайызын орус тараптын башкаруусуна берип турмакчы. Жогорку Кеңеш кабыл алган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашууга 25-февралда президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Эксперт Карыпбек Алымкуловдун пикиринде, Камбар-Ата-1 ГЭСи жок эле дегенде 10 жылда курулуп бүтөт. Анын айтымында, Кыргызстан тез арада ГЭСтерди куруу ишин баштабаса, энергетикалык каатчылыкка кептелет. «Эртеңки күнү керектөөдөгү электр энергиясы иштелип чыгарылып жаткан электр энергиясынан дагы жогору болуп кетиши мүмкүн. Тилекке каршы, керектөөнүн өсүшү жыл сайын 3-4 пайызды түзүүдө. Ал эми ГЭСтердин жабдыктарынын жарамдуулук мөөнөтү аягына чыгып калды. Эгерде Токтогул каскадында агрегаттардын бири жылышып кетсе кантебиз? Анда биз он эсе көп чыгымга учурайбыз»,- деди эксперт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aiza11.3
2013-03-06 13:48:08
бизде э/э бекер болмок мээси барлар иштегенде
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан