CАЙРА МОМУНБАЕВА ФЕСТИВАЛДА

Шоу-бизнестегилерди акыркы жылдары түрк туугандар фестиваль, сынактарга байма-бай чакырып калганы анык. Белгилүү «Түрксой» уюму тарабынан Нооруз майрамына карата уюштурулуп жаткан фестивалга кыргыздын бир нече аты таанылып калган инсандары чакыруу алышты. Анын катарында дизайнер жана ырчы Сайра Момунбаева да бар. Бул тууралуу: «Быйыл аталган фестиваль 8-марттан 18-мартка чейин АКШнын Вашингтон жана Нью-Йорк шаарларында өтөт. Былтыр бул фестивалга дизайнер катары барып көргөзмөмдү көрсөтүп келген болчумун, быйыл ырчы катары кетип жатам. Мени менен кошо Каныкей, Нурбек Дайырбеков, Дмитрий Жумалиев жана башка ырчылар да аттанышууда»,- дейт ырчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан