Таланттуу ырчы Назми турмушка чыккандан бери үй-бүлөлүк түйшүк менен болуп, чыгармачылыгын экинчи орунга жылдырып койгон эле. Эми экинчи наристеси Алима 3 айга толуп, торолуп, күлкүсү чыгып, Назми кайра чыгармачылыгына билек түрө киришкенин айтат. Бул тууралуу ырчы: «Эки-үч жаңы ыр жаздырып, радиолорго берген элем, эми ошол жаздырган «Атама», «Жубайыма» деген ырларыма катары менен клип тарттырайын деп жатам»,- дейт.