«Лейлектик кыз» деген ыр бизде корейлердин «Гангнам стайлындай» эле популярдуу болуп, анын аткаруучусу ырчы Гүлжигит Сатыбековду эл текши таанып калбадыбы. Анын тамашалуу «Тико» деген ыры да эл арасына тарады. Апрель айынын башында боло турган концертин да «Тико» деп атап, баш байгеге ушул үлгүдөгү автомашина койгону жатыптыр. Аны менен кошо «Мен сенден кетейинчи» деген кайгылуу ыр жаздырганын кабарлады. Бул ырчы акебиз тамашалуу ырлардан тажап бараткан окшойт, сыягы.