Бул аптада Кундуз Дубайга сапар тартты. Эмнеге десеңиз, 8-Мартка карата мекендештерибизге ыр-белек тартуулоо үчүн. «Мурун бир жолу концерт коюп келгенбиз. Кайра Аялдардын майрамынын урматына чакыруу алдык. Мени менен кошо Айпери Обозова да барып, кийимдер коллекциясын көрсөтүп келмекчи»,- дейт ырчы. Анан да 10 күндүк сапардан пайдаланып, эс алууга да убакыт табарын кошумчалайт Кундуз.