Ырчы Айнура Салахидинова жолдошуна арналган «Сен гана» деген ырына клип тартуу алдында турат. «Сенин ырыңа мурун тартылганмын да» деп азырынча макул болбой жатат»,- дейт ырчы. Күйөөсү алганга чейин гана «алтыным» дебей, турмуш кургандан кийин сөзүнө туруп, Айнураны жалгыз калтырбай, гастролдордо эриш-аркак болуп ээрчишип жүргөн чагы. Учурда Жалал-Абад шаарына концерт коюп келгени сапар тартышты.