Былтыр сахна жылдыздарыбыз жарыша биринен сала бири катарынан балалуу, неберелүү болушкан эле. Бул жылкы тенденция да былтыркыдан кем калышпайт өңдүү. Дегенибиз, бул жылы биз билгенден эле булбулдай сайраган алпаруучу Чыңгыз Мырзаев менен дагы бир алпаруучу Жанар Акаев жана да ырчы Мирлан Баеков тун наристелерин күтүп турган чагы. Албетте, келечекте төрөлө турган наристелер атасынан кем эмес, өзгөчө таланттын ээси болорунан күмөнүбүз жок.