«Mediastar» студиясынын негиздөөчүсү, режиссёр Сүйүн Откеев Кыргызстанда алгачкы жолу кастинг агенттигин ачты. Агенттиктин максаты – Кыргызстандагы кино, ТВ, клип, жарнамалык роликтер жана мода жаатында кастинг өткөрүүгө жеңилдиктерди жаратуу болуп саналат. Фотомодель, актёр же телеалпаруучу болууну каалагандар эми режиссёрдун студиясынын эшигин жыртат өңдүү.