Жаз – жаңылануунун белгиси. Бак-дарактарды бүчүр байлатып, адамзаттын көңүлүнө шаң тартуулаган, эң бир өзгөчө ынтызарлык менен күткөн жыл мезгилдеринин бири. Жадыраган жаз айы менен кошо кирип келген айымдардын 8-Март майрамын утурлай актриса, ырчы Асема экөөбүз айымдар тууралуу маек курдук.
«АПАМДЫ КУЧАКТАП ЭРКЕЛЕП АЛАМ»
-Кичинекейимде мени катуу кармашчу. Айрыкча апам. Эсимде, окуучу кезимде сабак бүтөрү менен кыздар менен убакытка маани бербей, жолдон апамдын жумуштан чыгып келе жатканын көрүп, атайын жашынып калчу элем, бир аз да болсо ойноп алайын деп. Бирок, бир күнү, тилекке каршы, жаан жаап кирсе болобу (күлүп). Албетте, кийимдерим суу, колу-бутум муздак болуп келгенде апамдан таяк жедим. Апам мени чыбык менен кубалап сабады. Азыр ойлосом, апам кийимимдин суу болгонуна эмес, эртең ооруп калат деп кабатырланганынан сабаган экен. Бала ооруса энеге эле кыйын экенин өзүм балалуу болгон соң билип-көрүп жатпаймынбы. Азыр да апам балдарымды каралашканга жардам берет. Кээде эч ким жокто, үйгө түшкү тамактанууга келгенде уялбай эле апамдын тизесине отуруп алып өпкүлөп, кучагыма кысып, жыттап эркелеп алам. Мен кандай тарбия көрсөм, ошол тарбияны балдарыма бергенге аракет кылам.
«КАЙНЕНЕМ – ИДЕЯГА БАЙ АДАМ»
-Жашоомдо мен үчүн дагы бир ыйык аялзаты бар. Ал – өмүрлүк жолдошумдун апасы. Мен келин болгондон бери апам мага бир да буйрук берип, бир да кайненедей болуп урушкан жок, чынында. Тескерисинче, менин чыгармачылыгыма идея кошуп, дайыма колдоо көрсөтөт. Жадакалса гастролдо биз менен чогуу келген ырчыларды конокточу. Билими күчтүү, даанышман аял. Ошондуктан балдарына билим берүүгө умтулуп, окуткан экен. Бирөөнүн көңүлүн ооруткусу келбеген абдан жумшак сапаттарын баалайм.
«БИЙ МУГАЛИМИ МЕНИ ТУЗУ ЖОК БИЙЛЕЙСИҢ ДЕЧҮ»
-Мени 3 жаштан баштап «бальные танцы» бий ийримине апам алпарып турчу. Шартка байланыштуу башка жакка көчүп кеттик. 8 жашымда Зинаида Мамасалиева деген эженин колуна келдим. Мен үчүн ал адам бүт тарабы төп келишкен, идеалдуу мугалим. Бизге бий үйрөтүүдө башкача «подход» кылчу. Көрсө, мугалим болуш өтө кыйын экен.
Учурда өзүм «Асем» бий тобунда 70тен ашуун баланы тарбиялап, Зина эженин тарбия жаатындагы ыкмаларынан колдонуп келем. Зина эже мени кээде «тузу жок бийлейсиң» деп урушчу, айрыкча «Саринжи-Бөкөй» бийинде. Жылдар өтүп чоңоюп, өзүмдү бышырып жатып, ал бийди жалгыз бийлеп калдым. «Чолпон» бий ансамблинин бийчиси болдум... Айтарым, катуу бир нерсени кааласаң, анда ага жетесиң. Ал эми бийдеги дагы башка кызды «кечикпесең башың ооруйт» деп айтып калар эле. Азыр мен ошол сөздөрдү сыймыктануу менен окуучуларыма айтам.
«БӨЛӨМ – ЭҢ ЖАКЫН КУРБУМ»
-Самара – жүрөгүмө жакын, сырдаш бөлөм. Экөөбүз студент кезде далай кызык күндөрдү баштан өткөрдүк. Кээде окууга баратып «жүрү кеттик, паркка» деп эле кетип калчубуз. Сүйлөшүп, балмуздак жеп, ар нерсени кыялдана берер элек. «Кыздын барар жери – күйөө» демекчи, учурда жолубуз эки башка. Экөөбүз тең «эне» наамына татыдык.
«КЫЗЫМ АЙЛИН – МЕНИН ЖӨЖӨМ»
-Өзүм балалуу болуп, эненин кадырын жакшы түшүнүп калдым. Менин жашоомдун дагы бир керемети – кызым Айлин, 4-февралда 1 жашка чыкты. Жумуштан үйгө дайым ошол кызым үчүн шашып барам. Себеби аны койнума кысып, кучактап, жытын искегенде кадимкидей чарчаганым жазылып кетет. Билбейм, менде ушундайбы же баарынын эле баласы көзүнө айдай көрүнөбү. Учурда тили чыгып, кылык-жоруктары менен атасы экөөбүздү кубантып жүрөт. Аны жөжөм деп эркелетем. Кол телефонумда дайыма кызымдын сүрөтү жүргөндүктөн, эстесем эле үйдөгүлөргө чалып калмай жайым бар. Балекеттей сүйлөшөбүз. Үйдө уулум Адахан экөө чырдашып, мүнөздөрү анча келише бербейт, бирок экөө тең өтө энергиялуу балдар.
«КӨРӨ АЛБАГАН АЙЫМДАР БОЛОТ»
-Көрө албастык айтпаса да байкалат эмеспи. Шоу-бизнеске аралашкандан бери таң калычтуу окуялар болуп келет. Мисалы, бир тасмада «художник по костюмам» болуп иштеп жүргөндө актёрлорго ролуна жараша кийим тигип же сатып алчубуз. Ошондо жакын көргөн курбу кызым мага «дайыма эле сен жакшынакай, сулуу боло бересиңби? Мен дагы жакшынакай болгум келет» деп оозумду ачырган. Кинодо биринчи планда мода эмес, жеткире ойногондук турат. Жан дүйнөмө адамдарды бат эле киргизип алып, жолдошумдун эскерткен сөздөрүн эстеп, кийин кейип калам. Бир жолу «мне тебя жалко, тобой пользуются, кечке эле адамдарга ишенип тартылып жүрө бересиңби, тартылбай эле кой» деп улуу эле эже айткан. Театрда ойноп жүргөндө мага чейин ойногон айым «ии, көрөйүнчү ушу Асемаңардын ойногонун, кандай кыз болду экен ошоңор» деп сын таккан экен, кыскасы, баарын айта берсем сөз көп.
Лунара Бекиева
star@super.kg