Жакында Алматы шаарында каратэнин шинкиокушинкай версиясы боюнча жаш балдар жана өспүрүмдөр арасында КМШнын кубогу болуп өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын жана Орусиянын Москва жана Новосибирск шаарларынын Каратэ федерацияларынан 5 команда катышты. Жаштар жана өспүрүмдөр арасында 290 каратэ чеберлери катышып, өз ара мыктылар аныкталды. Кыргызстандын желеги астында 9 киши аттанып, анын бешөө күмүш, экөө коло менен кайтышты. 2-орунду Шамансуров Нурсултан (25 килограмм салмакта), Шерматов Баэль (35), Болько Роман (30), Амангелди уулу Арсен (40), Гайнудинов Ильнур (55) алышса, 3-орунга татыгандар Носарев Артём менен Асылбек уулу Арсланбек (60) болушту.