КАНАТ БЕГАЛИЕВ «ТУШООСУН» КЕСТИ

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда «Лондон-2012»  Олимпиадасынан кийинки биринчи эл аралык ири мелдешке барып келди. 23-24-февралда Шомбатели шаарында Венгриянын Гран-приси үчүн болгон мелдешке 11 балбаныбыз аттанган. Биздикилерден Атай Койчукулов (60 килограмм салмакта) менен Руслан Царев (74) коло медаль үчүн айыгышкан беттеште утулуп, 5-орунду ээлеп калышты. Курамдын өлкөгө куру келүүсүнөн Каныбек Жолчубеков сактап, коло медаль бөктөрүп келди. Бул мелдеш башкы машыктыруучу катары курамды колго алган Канатбек Бегалиевдин эл аралык даражадагы биринчи ири мелдеши болуп, Канат мырза «тушоосун» канааттандырарлык кесе алды десек болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан