24-февралда Бишкекте эрежесиз эр уруштун вале-тудо версиясы боюнча Кыргызстандын чемпиондугу аяктады. Анда республиканын түрдүү региондорунан 400дөн ашык мушкер келип, 38 комплект медаль ойнотулду. Мелдеш балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өткөнүн кошумчалай кетели. Чоңдор арасында 9 салмак категориясы боюнча тиреш жүрүп, чемпиондор аныкталды. Командалык эсеп боюнча биринчи орунду мелдешти өз үйүндө өткөргөн «Боец» клубу алды. Ал эми салмак категориялар боюнча Азат Анарбай уулу («Боец», 55 килограмм), Нурбай Мурзалиев («Боец», 60), Канат Келдибеков (Нарын, 65), Актилек Жумабек уулу («Боец», 70), Самат Эмилбеков («Боец», 75), Арзыбек Мирзаев («Жаш Күч», 80), Нурбек Турсуналиев (КРнын Улуттук гвардиясы, 85), Азирет Турдубек уулу («Жаш Күч», 90), Улукбек Талантбек уулу (Токтогул, 90дон жогору) алтын медаль тагынышты. Кошумчалай кетсек, бул мелдеште жеңип чыккандар жаз айында өтүүчү эл аралык мелдештерде КРнын Желеги астында чыгышат.