ДААРАТКАНАГА ТАШТАЛГАН ЫМЫРКАЙ

Шумдугуң кургур, гезитибиздин мурунку сандарында жаңы төрөлгөн наристесин дааратканага таштаган эне тууралуу макала чыгып, жакабызды кармап үлгүрө электе ошондой окуя кайталанды. Бул жолу жүрөк үшүн алган окуя Каракол шаарында болуп өттү.

АЖАТКАНАДАН ТАБЫЛГАН НАРИСТЕ ҮЧ КҮН МУРУН ТӨРӨЛГӨН
Окуя кандай болуп өткөнүн Каракол шаарынын ИИБинин тергөөчүсү, милициянын майору ТОЛКУНБЕК АКМАТОВ баяндап берди.
– Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында күндүзгү саат 11лер чамасында Каракол шаарынын ИИБине телефон аркылуу «ажатканада наристенин денеси жатат» деген анонимдүү билдирүү келип түштү. Ал маалыматты текшерип, билдирүү боюнча айтылган дарекке дароо жетип бардык. Ажаткананы караган учурда жаңы төрөлгөн баланын денеси табылган. Тилекке каршы, ымыркай чарчап калыптыр. Себеби бала 11-февраль күнү төрөлгөн, бизге маалымат үч күндөн кийин түшкөн экен. Алгач ымыркай Каракол шаарындагы өлүкканага алынып келинип, эксперттер наристенин өлүгүн союп, андан соң жерге беришкен. Бүгүнкү күндө экспертизанын жыйынтыгы чыгып, наристе
9 айлык болуп төрөлгөндүгү аныкталды.
Баланы төрөп, ажатканага таштап салган аялга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренесинин (эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук кароого жиберилет. Бул боюнча 3 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.
Баланын энеси 1984-жылы туулган Марина Кузнецова экендиги белгилүү болду. Жолдошу менен ажырашып, Каракол шаарында апасы менен жашачу экен. Анын учурда ден соолугу начар, ал-абалы оор экенин дарыгерлер айтышты. Марина Каракол шаарындагы ооруканада дарыланууда. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө «мен атайы таштаган жокмун, мага эч кандай жардам болбой, ажатканага барып төрөгөнгө туура келип калды» деп билдирип жатат.

«ДААРАТКАНАГА ТӨРӨП, ҮЙГӨ КИРИП ЖАТЫП АЛДЫМ»
Тергөөчүнүн маалыматын угуп, жаңы төрөгөн МАРИНА менен Каракол шаарында жайгашкан ооруканадан жолугуп, суроолорубузга жооп алдык.

– Ден соолугуңуз жакшы болуп калдыбы?
– Төрөгөн күнү эч кандай дарыгерлерге кайрылган эмесмин. Ошондуктанбы, өзүмдү жаман сезип, бул жакка келгем. Бүгүн бир аз жакшы болуп калдым.

– Жолдошуңуз барбы?
– Жолдошум экөөбүз ажырашып кетип, апам менен Караколдо жашайм. Баланы боюма көтөрүп жүргөнүмө 9 ай болуп калса да, эч ким билчү эмес.

– Мындан башка балдарыңыз барбы?
– Биринчи балам 4 жашта. Экинчисин 11-февралда кечки саат 10:00дө төрөдүм. Ошол күнү мончого түшкөм, ичим бир аз ооруп турган. Бирок жакында төрөйм деп ойлогон эмесмин. Ажатканага барсам, бала кокусунан түшүп кетти. Эмне кыларымды билбей, үйгө кирип жатып алгам.

– Наристе тирүү беле, үнүн уктуңузбу?
– Баланы көргөн да жокмун, үнү дагы угулган эмес. Азыр ойлонуп, убагында кимдир бирөөлөрдү жардамга чакырбаганыма өкүнүп жатам.

Маринанын кошунасы ВАДИМ КУДЕЙКИН:
– Мен Маринанын кошунасы болом. Бул үйгө эки күндөн бери эле милиция кызматкерлери келип жатышкан. Мен өз көзүм менен көргөн жокмун, бирок дааратканага жаңы төрөлгөн баланы таштап салышканын айтып жатышкан. Маринанын боюнда бар экенин да байкаган эмесмин, билинчү эмес. Менин билишимче, ал жалданып иштеп жүрчү, күнүгө эле жумушка барып келип жүргөн.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
mark153
2013-03-04 10:05:25
ууу уууууууужас
0
Atashkg
2013-03-04 10:56:05
А К М А К... Деги эмнелер эле болуп жатат. Баары эле жинди болгонбу??? Жаш ымыркайда эмне куно??? Балага зар болгондор канча. Муну кара жатып алдым дейт. А К М А К
0
MAMOCHKA
2013-03-04 12:24:17
Ээээх байкуш ымыркай жарыкчылыкты бир корбой кайра карангы тунгуюкка сунгуп кетиптир го,бул эмне деген мыкаачылык?кайда баратабыз?козунорду ачкылачы,ойлонгулачы!
0
alenka
2013-03-04 12:47:55
э жараткан алла пенделерге ыйман инсап бер! мага окшоп бала жытына зар болгондорго уул,кыз перзентрден насип эт.
0
glamur13
2013-03-04 14:11:41
Матери -женщины, ОПОМНИТЕСЬ, что же вы делаете!!!!!!!!!!!!!!Не бросайте своих детей! Ведь им плохо без материнской любви!А придет то время когда, вам не будет хватать их любви, заботы, НО будет слишком ПОЗДНО!!!!!!!!!!!!!
0
ayzatushka
2013-03-05 02:15:36
Э кандай адамсынар оз баланарды таштаган?кокустан имиш,баланы тороштун озу кыйын болсо акмак эне деген жанында экен чакырсан эмне болот?
0
zirek.kyz
2013-03-05 07:54:50
Жараткан журокторго ыйман берсинчи.Наристеде эмне куноо,эне болбой жерге киргиле.....
0
Bayas_Tural
2013-03-05 19:24:29
e w e k
0
Саби
2013-03-06 12:57:44
Биздин бир туугандарыбыздын келини дагы чонго баргысы келгенинен барып ажаатканандан толгоосуз эле тороп коюптур биз тан калып кантип эле торогон атканын билбесин дегенбиз аныкы дагы аз жерден тушуп кете жаздаган экен азыр чоноюп калды.
0
Venus_22_02_86
2013-03-06 15:20:29
Бироого зар бироого кор бала. Балага жетпей боздоп жургондор канча. Анан да барып жатып алганына тан калдым. Чонтогунон бир буюму тушуп кетсе жанталашып карап алыштын аракетин кормокко. Ымыркайы буюмча да болбоптур.
0
altinim
2013-03-07 18:09:13
Venus_22_02_86, ооба мен тел.коп жолу тушуруп алгам анан жан талашып алып чыкчумун да анан кантип оз боорун таштап кирип кетет кантип жатып алганга журогу чыдады экен жат эмес оз баласыго ушулардыкы отту, буларды топтоп тируулой туалетке таштап салыш керек колу бутун байлап
0
rozka
2013-03-09 22:01:43
Шумдугун кур адамдар эмне болуп баратышат ушундай дагы болчу беле
0
baha-1283
2013-03-30 23:01:09
азабын тартасын убакыт келгенде
0
jonokoi_myrza
2013-04-03 14:56:46
мээээси иштебеген келесооооооооооо каарылар уйундо жашап калсын
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан