ЭНЕ БОЛУУДАН КАЧПАГЫЛАЧЫ!
Жараткан аялдардын даражасын бийик кылган. Анткени от менен чоктун ортосунда, бул жарыкчылык менен аркы дүйнөнүн ортосунда туруп төрөйсүң. Кудайга жалынып, жетимиш тамырың сыздап баланы дүйнөгө алып келесиң. Бул учурда периштелер курчап, аалам сага жылмайып турат дейт. Эң бир ыйык болгон энелик милдетти өтөөнүн биринчи мүнөттөрү ушинтип башталат. Баркырай колуңа келген наристеңди кучактап, эмчегиңден сүтүң диркиреп, дилиң жумшарып, өткөн өмүрүңдүн жаманы да, жакшысы да унутулуп, дүйнө кичинекейдин уучунда тургандай сезилет.
Эне болуу – аялдардын энчисине туш келген бакыт! Мен энеликти ушинтип түшүнөм. Эне болуудан качпагылачы, аялдар! Энелер, эки ийиниңерден кыйынчылык басып турса да, кыямат кайым жакындап келе жатат десе да, эртеңки күнүңөр белгисиз болуп, жарыктын нуру өчүп, туюктан тырмалап чыга албай калсаңар да апа болуудан качпагылачы!
Азыр заман кайдигерликке, мерездикке, катуулукка үйрөтүп, аялдардын жумшак мүнөзүн темирге айлантып, аялдык, энелик милдетин аздан унуттуруп бараткандай. Бирок кыйынчылыктын аркасында баары бир жакшылык, кайгынын артында кубаныч бар эмеспи. Эртең эле бүркөк асман чайыттай ачылып, үмүттүн шооласы төгүлөт. Баары артта калат. Эртең башка күн болот! Ал мындан да жарык, мындан да нурлуу болот...
Андыктан АПА болуудан баш тартпагылачы!
Асия Алиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Урматтуу Асия Алиева,эн туура жазгансыз. Бейиш эненин таман алдында.
Рахмат, ар дайым силер үчүн эмгектенууго даяр Асия Алиева)))
Тата Уландын бир ырында"Простудишь живот не родишь ни когда"-деген создор да абдан туура айтылган урматтуу кыздар
Эне болуу бул омурдун ээң чоон бактысы. Андыктан эне болуудан качпагылачы айымдар. Буга мен да кошулам, анткени Аллах таала энеге гана бул бакытты берген. Керек болсо бала намаз окуп атканда, эненси баласын чакырса бала намазын токтотуп энеге жооп берсе ал баланын намазы бузулбайт, урматту момун мусулмандар. Хадисте айтылгандай: "Бейиш бул-эненин таманынын астында" Андыктан энени өмүр боюу сыйлап өтүү керек. Бар болгула энелер.
Aduha, namazda kyinyldaganda suilogongoda bolboit bolush kerek menumche. a beiish enenin tamanynyn astynda degeninizge koshulam. biroogo kor biroogo zar degen osholda kylaaryn kylyp koiup kyl menen buup koiup kursakta naristeni keskileshken dep jenishbek tuura aitkan
Эне болуу бактысын ар бир аялзатына Алла Таалам насип кылсын!
Наристе жыты бул бейиштин жыты демекчи эне болуп наристенин жытынан искеп кумарлана энелик мээриминди тогуп баландын ар бир коз ирмемине, ар бир добушу, жылмайуусуна мас болуп апа деген созун угуп, койчу деги кучактап бетинден эркелеп опкулогонуно не жетсин.
Жакыным жаным апам, » Жарыгым жалгыз апам, » Жашоодо жолоп жургон, » Жаныма жакын апам, » Жузунон жылдыз жанган, » Жайдары жаркылдаган, » Жылмайып кулуп турган, » Ал менин, менин АПАМ!
Ата-эне ыйык, анын талашы жок. Ыйыктыгын сезе билуу адам затында кеч кездешет. Андыктан энени сыйлайлы. А элими кылыктуу кыздар ЭНЕ болуу бактысынан качпагыла. А жигиттер болсо кыздарыбызды сактайлы, барктайлы!
jaryka keleer jandy keskilep jok kilgandai ymyrkaida emne kunoo oshonduktan oilonoluu
эненин таманын астында бейиш
бейишти байкабай тозокко айлантып алышып атпайбы...!?
Менда аябай балалуу болгум келип жатат, азыркы маментте.Бирок азыр шартым жок,1 кызым бар, эми суроттогудой уул торогум келип жатат. буйруса кийинки жылы тороймго.
Таза айтканын келсин куда кааласа уул да торойсун
эх кандай сонун создор мен да эне болуу бактысына ээ болот бекем боюнан алдыргандарды коруп неге ушул балдарды неге бизге окшогондорго берип койбойт деп жашоомо нааразы болуп кетем