«КЛАССТАШТАРЫБЫЗДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Биз 1993-жылы Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан №1-гимназияны бүтүргөн классташтарыбызды издейбиз. Классташтар жолугуп, жаш кезекти эстеп, катташып тургубуз келет.
Шухраб, Нуржан, Дастан, тел.: 0551 60-60-93
«ЭЖЕ-СИҢДИ КУРБУЛАРЫМ БАР ЭЛЕ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты? Мен сиздердин гезит аркылуу курбу кыздарымды тапкым келет. Алар – эже-сиңдилер Батма жана Бүбүсайра (Заку). Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан болушат. Алар менен Бишкектен таанышкам, чогуу батирде жашачубуз. Бүбүсайра КРСУну окуп бүткөн. Эгер бул гезитти окуп калсаңар, мага кабарлашкылачы.
Динар, тел.: 0771 19-46-56
«КАЙДАСЫҢ, КАНЫБЕК?»
– Мен бир кездеги достошуп жүргөн Каныбек аттуу мырзаны тапкым келет. 1975-жылкы болсо керек, так эсимде жок. Алайлык Таалай аттуу досу бар. Бишкекте Ахунбаев-Абай көчөлөрүнүн кесилишинде «Дастан» деген дүкөндө иштечү. Каныбек менен 2002-жылдары таанышкам. Ал жөнүндө ким билсе, мага кабарлап коюшуңуздарды суранам.
Малика, тел.: 0779 18-52-42
«ПАМИРЛИК ТЕҢТУШУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Жашым 82де. 1960-жылы Тажик Республикасына караштуу Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы кыргыздар жашаган Мургаб районунун Токтомуш айылындагы Киров атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, математика, физика сабактарынан мугалим болуп эмгектенип калдым. Ошол мен иштеген убакта Азис Сейитбеков деген жакшы теңтуш, чогуу иштешкен жигит бар эле. Кийин ден соолугума байланыштуу Нарынга которулуп кетип, ал теңтушума ошол бойдон жолукпай калдым.
2010-жылы Бишкек шаарынан Азис менен чогуу иштеген мугалимге жолуккан элем. Ал кишинин айтуусу боюнча, эгемендик алгандан кийин Памир кыргыздары Чүй облусунун Сокулук районуна көчүп келишкен экен. Ошол теңтушту эстеп, балким, сиздердин гезит аркылуу таап аламбы деген ой менен аракет кылып кат жаздым.
Жумакадыр Ордобаев, тел.: 0772 44-77-67
«АГАМ ТААРЫНЫП ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТКЕН»
– Мен бир тууган агам Нурлан Осмоналиевди издейм. Ал 1988-жылы 11-июлда төрөлгөн. Кара-Балтада жашачубуз, бирок 1999-жылы ата-энебиз ажырашып кетип, апам менен Бишкекке көчүп келгенбиз. 2005-жылы Нурлан бизге таарынып үйдөн чыгып кеткен, ошол боюнча кайрылып келген жок. Андан бери издедик, тилекке каршы, тапкан жокпуз.
Нурзада Осмоналиева, тел.: 0771 07-12-09
«КАЙДАСЫҢАР, КУРБУЛАР?»
– 1991-жылдары ОшМУнун чет тилдер факультетинде МР-2 группасында чогуу окуган курбуларымды издейм. Алар: Кынабүбү Үркүналиева, Дилбара Ибраимова (Таластан), Айзада Максүтова (Өзгөндөн), Дилбара Акишова (Чаткалдан) жана Эркинай Кубатовалар (кадамжайлык). Курбуларыма көптөн бери жолуга элекмин. Эгер алар окуп калышса, мага байланышат деген үмүтүм бар.
Махабат Карыбекова, тел.: 0779 45-99-30
«5 ЖЫЛДАН БЕРИ ИЗДЕП ЖҮРӨБҮЗ»
– Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Жолдошов Эрнис Раимбердиевичти издейм. Ал Бишкек шаарындагы “Берекет” соода үйүндө администратор болуп иштечү. Эрнисти бул жактагы тааныштары 5 жылдан бери издеп, таппай келебиз. Эрнис, окуп калсаң же тааныгандар болсо кабарлашкыла.
Рая эжеси, тел.: 0555 47-47-14
«ДОСУМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
– Жалал-Абад шаарында жашаган досум Рубанов Борис Николаевичти издейм. Экөөбүз 1986-жылдан бери көрүшө элекпиз. Билишимче, ал Жалал-Абад шаарынын Железнодорожный көчөсүндөгү 61-үйдө жашачу. Тааныгандар болсо кабарлап коюшуңуздарды суранам.
Сабырбек Дооронов, тел.: 0779 46-70-60
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg
электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26
Асхат Субанбеков
koom@super.kg