АДАМ ЭМНЕ ҮЧҮН ЭСТЕЙТ?

Адамдар гана эмес, жер жүзүндөгү макулуктардын баары оозун ачып эстешет. Бул эмне үчүн керек?

Адамдар чарчаганда, уйкусу келгенде, ысык, үп бөлмөдө эстешет. Эмне үчүн? Илимге кайрылсак, эстөө баш мээнин талабы менен түз байланышта. Мээ калыптагыдай иштеши үчүн кычкылтек керектүү өлчөмдө керек. Эгер мээ кычкылтектин жетишсиздигин сезсе, ал организмге бул тууралуу сигнал жиберет. Организм жетпеген кычкылтектин ордун толтуруу үчүн оозду ачып эстетет.
Эмне үчүн дегенде, оозду чоң ачып эстегенде өпкөнүн альвеолдору кеңейип, ичке кирген аба мээге бат жетет. Адам катуу эстегенде тулку бою созулат. Бул туруп калган кандарды денеге таркатуу үчүн керек. Муну илимпоздор табигый инстинкт дешет.
Эстөөгө булчуңдар, кан тамырлар, дем алуу жана нерв системи түзмө-түз катышат. Ооздун, жаактын, моюндун булчуңдары чыңалып, мээнин кан тамырларына кандын жакшы жүгүрүшүн шарттайт.
Эстөөнүн дагы бир себеби – мээнин ысып кетиши. Үп бөл­мө­дөгү адам эстей баштайт. Мээ муздай түшүшү үчүн организм адамды оозду чоң ачууга мажбурлайт. Анткени ичке кирген муздак аба мээни сергитет. Андыктан адамдар уйкусун жазыш үчүн сыртка, салкын абага чыккандыгы ошондон.
Кыскасы, эч тартынбай оозду ачып эстөө кажет. Жогоруда айткандай, ысыган мээ салкындап уйку качат, мээге кычкылтек керектүү өлчөмдө барат, булчуңдар чыңалып, ишке жөндөм арта түшөт, стресстен канча бир деңгээлде арылтат жана башка.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Kg.lady
2013-03-07 15:15:15
Ошон учун инстинк деп аташканда бироонун эстегенин коргондо адам озу байкабаган абалда эстейт.Менделе силерден кем калбай эстеп кирдим,эстебейин десемда болбой эле
0
N.Bakazova
2013-03-07 16:44:25
Эстебей калган мен эле окшойм, достор!
0
Rostov-on-Don
2013-03-17 02:53:17
N.Bakazova, ха-ха эстеп кал пока шанс турганда
0
Meliana
2013-03-07 18:44:53
Ал эми кыргызча эстэу бул кирине киргенде эстейт деп калат эле чон энем.Мени киринелеп кирчу сразу.Жазып жатып эстеп,козумдон жаш агып кетти..
0
shah.
2013-03-09 10:29:08
Менда эстедим окуп буткучо 5 жолу
0
vip.asylzat
2013-03-09 11:14:09
Men da estenip koydum
0
rozka
2013-03-09 21:54:41
Кызык го мен дагы эстедим
0
aziz.
2013-03-10 00:57:14
окуп баштагандале эсинеп баштадым бирок есине албай кыйналып кеттим
0
ledy.1993
2013-03-16 17:08:55
Мен да эстедим,кызык
0
chikago
2013-03-18 06:26:24
Мен дагы эстеп кеттим, бирок тун жарымда ким эстемек эле мени куйоомдон башка ал аркы болмодо уктайт
жалгыз ... анда мен кеттим жанына а вдруг эстеп жаткандыр :-):-):-):-)
0
Асылжан
2013-03-18 13:01:38
Кээде уйкум канбай калганда кечке эстей берип бетим жашка жуулуп, жаагым карышып калат)))))
+1
Altynym
2013-03-18 13:32:20
Бул материалдын "касиети" бар окшойт, окуп атып менин да эстегим келип кетти.
0
Juma1303
2013-03-20 11:21:28
оа мен да ишенбей окуп буткончо 6-7 жолу естедим окшойт
0
valentinka.kg
2013-05-03 18:41:56
kyrgyz4a ESNOO bolot ele go estoo degen el bawka maanide koldonulat go janylywtasam! esnep kaldym dep aitylat ele azyr ke4e kaira kaira estoo degendi okup alyp bawkaza maanini tuwundurgondoi boldu!je adawamby bilbeidim????
0
raia
2013-08-08 11:31:54
кызык баары эстегени мени тан калтырды, мен да эстеп, мында бир сыр жатат го деп ойлоп кеттим
0
Almaz-85
2014-05-11 00:22:45
Адам естегенде негизинен бир процесс журот деп ойлойм
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан