Телевизор көрүп жатып тамак жегенде ашыкча жеп алып, ашказанга күч келет. Биринчиден, адам телевизорго алаксып, тойгонун билбей калат. Экинчиден, тамакты майдалап чайнап жебей, чоң-чоңдон сугунат. Мунун баары адамдын ою тасма же мультфильмге багышталып, тамакка жана аны аш кылууга организмдин чолосу жок калгандан улам болот.
Ошентип чоң-чоң сугунуп, көп тамак жегенден акырындап ашказан оорулары жарала баштайт.
Эртең менен шашып-бушуп чай ичүү, түштө жана кечки убак бир иштерге же оюнга алаксып тамакты кеч ичүү, болбосо ичпей коюу да зыян. Адам организми калыптагыдай иштеши үчүн тамакты убагында шашпай отуруп, майдалап чайнап тамактануу кажет. Адам бир күндө 5-6 ирет тамактанышы зарыл. Эртең мененки тамак же чай, түшкү жана кечки тамак. Түшкү жана кечки тамактын ортосунда жеңил бир нерсе жеп алышты да унутпа. Ошондо ашказан, ичегилер оорубайт, өзүң да тың жүрөсүң, мээ жакшы иштейт.
Анан дагы муздак тамак ашказандын иштешин жайлатып, тамак кеч аш болорун эстен чыгарба. Андыктан тамакты ысытып жегин.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg