Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баш болгон бир катар депутаттар жана КРнын Өкмөт мүчөлөрү Баткен жергесинде болушту. Алар Баткен облусундагы жол, суу жана билим берүү тармагына байланышкан бир катар көйгөйлүү маселелер менен таанышкан соң чек ара жаңжалы чыккан Чарбак айылына барышты. Асылбек Жээнбеков чек арачыларга депутаттардын атынан 100 000 сом көмөк көрсөттү. Андан соң Чарбак айылындагы эскилиги жеткен мектеп менен таанышып чыгып, шарты катаал айылдын окуучуларына керектүү эмеректерди сатып алуу үчүн 450 миң сом көмөк көрсөттү.
Чынында, Сох анклавындагы Хушяр айылынын тургундары менен болгон чатакташуудан кийин бул айылга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, бир катар социалдык көйгөйлөр чечиле баштаган. Чек ара тосмолорун тосуу иштери башталып, ал турсун айылга таза суу алып келүү жана айылдык оорукана куруу маселелери колго алынды.
6-февраль күнү түштөн кийин Баткен облустук администрациясынын жыйындар залында жолугушуу өттү. Жыйында маселелердин аткарылышы боюнча чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов, Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан Баяман, Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендербаева аткарылган иштер боюнча өз отчётторун беришти.