Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнө караштуу Дархун айылынын тургундары КРнын Баткен облусундагы өкүлүнө көйгөй менен кайрылышты. Айыл өкүлдөрүнүн кайрылуусунда алардын теле чагылдыргычтарын бул тармакты тейлеген адистер көз көрүнөө эле башка жакка алып кетишкен. 2012-жылдын 31-декабрынан баштап жаңы жылдык көрсөтүүлөрдү көргөндөн кийин эле кайра КТРК тартпай калган. Дархундуктардын бул көйгөйүн жергиликтүү өкмөт тез арада чечип берүүнү караштырууда.