АЙЫЛДЫН ЖЕРЛЕРИ ЭМНЕГЕ САТЫЛЫП КЕТКЕН?

«СУУСУЗ ЖАШАП ЖҮРӨБҮЗ»
Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылына сапар тарттым. СССР маалында бул айыл Жданов деп аталчу. Кеңсебизге келген айрымдардан ушул айылдын суусу жок экенин жана чырлуу иштер көп болуп жатканын уккан жайым бар эле. Айтылган сөздөр чын экен. Жаңы-Жолдо учурда ичкенге суу жок, аны канча убакыттан бери арыктан алышарын айтышты. Медициналык пункт, бала бакча, маданий жайлар жок. Мектеп спорттук аянтка да ээ эмес.

Айылдын тургуну КАЙЫРБҮБҮ АБАСОВА мындагы көйгөйлөр тууралуу буларды айтып берди:
– Баарын көр­дүңөр, мындан сырткары биздин айылга тиешелүү айдоо аянттары, жайыттар мыйзамсыз түрдө сатылып кеткен. Бул боюнча сот органдарына, Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке, дээрлик бардык жерлерге кайрылдык, бирок жооп боло элек. Биз, ушул айылдын тургундары, кенедей жер тилкесине ээ боло албай жүрөбүз. Нарындан, Теңдиктен, Кочкордун өзүнөн, Жумгалдан туруп бул жактан жерге ээ болгондор бар. Чынында, Кара-Кужурдагы жайыт жерлер, Солтон-Сарыдагы жана Кум-Белдеги жайыттын жарымы мына ушул Жаңы-Жол айылына тиешелүү. Учурда ал жерлер Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылына карап кеткен. Жайытын жайыттай колдонушуп, кен байлыгын пайдаланышып, алтынын чайкап байып жүрүшөт эмгекчилдиктер.
Кара-Суу жана Жаңы-Жол бир округга карайт. Андыктан бир эле айыл өкмөтү шайланат. Ушул жерге келгенде кандай кылышат билбейм, көз боёмочулук кылышабы, биздин айылдын калкынын санын аз деп элдин санын кемитип каттоого киргизишет да, Кара-Суу айылынан айыл өкмөт шайланып алат. Биздин айылдан ушуга чейин бир да жолу айыл өкмөтү шайлана элек. Жерлерден түшкөн акча жок дегенде жергиликтүү калктын социалдык абалын жакшыртууга жумшалбай жатпайбы.
Айылда жалгыз мек­тебибиз бар. Ал тар жерге жайгашып, дене тарбия сабагын өтө турган аянты жок курулган. Бирок мектептен алыс жайгашкан, бош таштак жер бар болчу. Ошол жерди балдар ойносун деп мектепке аянт кылып беришкен. Ал жер да мыйзамсыз түр­дө айыл өкмөттүн тууганы Болот Ала­көзовго сатылып кетип, ал аянттын жанына май куюучу жай салган.
Ичип жаткан сууну Бишкектеги Санитардык-эпи­демио­ло­гия­лык борбордун лабораториясына текшерүүгө жиберсек, таза эмес деген жыйынтык чыгып келди. Айылыбызда сарык менен ооругандар көп катталат. Өзүбүз ооруп калсак, кайрыла турган жерибиз жок. Кочкордун Москва аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барабыз.

«ЖЕР ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ ТАРАБЫНАН БЕРИЛГЕН»
Документтерди карап салыштырсак, көйгөйлөрдүн көбү 10-15 жылдан бери эле келе жаткан окшойт. Ак-Кыя округунун айыл өкмөтү АДЫЛ САЛБАРОВ менен маектештик.
– Мен Жаңы-Жол жана Кара-Суу айылдарына 2005-жылдан тарта башчылык кылып келе жатам. Сиз айтып жаткан жер тилкелери 50дөй кишиге там салууга берилип кеткен. Алардын арасындагы Жаңы-Жол айылында каттоодо турбаган адамдардын бар экени чындык. 2009-жылы Мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана каттоо мекемесинин буйругу менен тактаганыбызда, аталган адамдар Кара-Суу айылында жана Кочкор районунда каттоодо тургандыктары аныкталган. Бул сунуштун баары жеке менин эмес, айылдык жана райондук кеңештердин сунуштары менен аткарылган. Бала бакча боюнча кеп козгосок, мен айыл өкмөтү болгонго чейинки өкмөт Талант Калчаев тарабынан бала бакча 2002-жылы Зарылбек Исраилов деген кишиге менчиктештирүүгө чыгарылып кетиптир. Учурда ушул жана жайыт бөлүштүрүү маселелерин сот карап жатат. 
Спорт аянты боюнча айтсам, ал жер мектепке берилсин деп эл сунуштаган. Мектептин директоруна айтып, спорттук аянтка ылайыкталып, бирок салынбай тургандан кийин колдоно берейин деп Болот Алакөзов сурап алган. Мен ал кишиге айттым, «мектепке бериңиз» деп, ал макул болду. Эгер мектеп футбол дарбазачаларын орнотуп, балдарга шарт түзүп бере турган болсо, эч ким каршы эмес.

Алакандай айылда мынча көп мыйзам бузуулардын катталышы акылга сыйбаган нерсе экенин түшүнүп, айылдын аткаминерлери ойлонушар деген ойдо кайттык.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан