«КЕНЖЕ СЕРЖАНТ» НААМЫН ӨЗҮНӨ-ӨЗҮ ЫЙГАРЫП АЛГАН АЙЫМ КАРМАЛДЫ

Шумдугуң кургур, азыр алдамчылыктын ар кандай түрү кездеше турган болуп калды. Аскердик кийим кийип уурулук кылган адамдын жоругу бир чети таң калтырса, экинчи чети кейитет экен.

«ТЕЛЕФОН УУРДАЛДЫ, МЕН ТЕКШЕРИП ЖҮРӨМ»
Үстүбүздөгү жылдын 5-февраль күнү Каракол шаарынын тургуну Ольга Сидорова аттуу айым Каракол шаардык ИИБине арыз менен кайрылган. Арызында өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган айым «сенин телефонуң уурдалган экен» деп ар кандай сөздөр менен коркутуп, телефонун тартып алганын жазган. Каракол шаардык ИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1992-жылы туулган Мадина аттуу кыз кармалган.

Жабырлануучу ОЛЬГА СИДОРОВА окуя кандай болгонун кеңири баяндап берди:
– Мен Каракол шаарынын базарында жайгашкан ажаткананы иштетем. Аз болсо да колдон келишинче тапкан акчабызга жан сактап келебиз. Адаттагыдай эле жумушта болчумун, бир маалда аскер кийимин кийген айым өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырды да, менин уюлдук телефонумду сурады. Берсем, «жакында телефон жоголгон, ошону издеп жүрөм, сиздин телефонду да текшерип келем» деп күчкө салып эле телефонумду алып кетип калды. Менин «телефон өзүмдүкү» деп каршы болгонума караган жок. Анан арыз жазууга туура келди.

«ФОРМАГА ЖАМЫНЫП БИР ЭЛЕ ТЕЛЕФОН УУРДАДЫМ»

Бул айымдын сөзүн угуп, чындап эле кылмышка шектүү адам аскер формасын кайдан алгандыгы таң калычтуу болду. Караколдогу убактылуу кармоочу жайда отурган Мадинага кайрылдык:

– Атым – Мадина, Түп районунда 1992-жылы туулгам. Буга чейин Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнөн акча жана аскер формасы жоголгон. Кылмышка мени күнөөлөшкөн, жыйынтыгында соттун чечими менен 15 сутка камакта болгом.
Өткөн жылы бир тааныш эжеден аскер формасын карыз алган болчумун. Аны кайрып берейин деп бул форманы «Ак-Тилек» базарынан 750 сомго сатып алып, кийип жүргөнүмө бир жума убакыт болду. Форманы жамынып болгону бир эле телефон алдым. Башка эч кандай жаман нерсе жасаган жокмун. Бирок кылган күнөөмдү мойнума алам. Окуя кандай болгонун эстегим келбейт, айтпай эле коёюнчу.

Каракол шаардык ИИБинин башчысы ДАЙЫРБЕК САГЫНБАЕВ:
– Бул кыз кийип жүргөн ас­кер кийими Каракол шаарындагы 2028-аскер бө­лү­гүнөн уурдалып алынганы тастыкталды. Андан дагы мыйзамсыз түрдө өзүнө «кичи сержант» деген наамды ыйгарып алган. Бул факты боюнча 164-166-беренелердин негизинде сот жообуна тартылат. Ал эми мыйзамсыз өзүнө наам ыйгарып алганы боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
sardaralay
2013-03-04 13:30:52
актриса болотурган кыз экен, андан горо спонсор болойлу кинолорго тартылсын.
0
kuba1985
2013-03-04 20:58:55
sardaralay, туура таза артист бул кыз
0
Bayan1982
2013-03-04 17:01:13
шерменде баардык нерсе тарбиядан келип чыгат.Ата-эненин тарбиясын алган кыз-бала эч убакта жаман жолго барбайт!Адам озун сыйлап тарбияласа мындай терс корунуштор жашоодо аз болмок.
0
omurbek89
2013-03-05 00:12:13
Наам алганга жараша "кенже сержант" эмес бир отоло "лейтенант" алсан болбок.
+1
zirek.kyz
2013-03-05 07:49:55
Тообо кылам,мындай адамдарга айтарга да соз таппайт экенсин
0
Taalaibek.
2013-03-05 11:55:29
Милиция кызматкерлери, бул кыздын мандайынан суротко тарткандан корктунарбы? Же бул кыз чындап эле милицияда иштегендиги анык болуп бул кыздын суротко мандайынан таркандан уялдынарбы?
0
Kg.lady
2013-03-06 01:06:09
Аскер кызматкерлерин уят кылган акмак.
0
INailia
2013-03-06 11:04:03
Акыр заманга аз калганда ушундай ойго келбеген,туру шумдуктар болот деп уккам.Жанылыктарды коруп,окусан оозун ачылчу болду,акыркы учурларда.Кудайым озун сакта!
0
monchok
2013-03-06 11:41:09
INailia, Койчу кайдагы акыр заман,тооба озунорчо эле ушинте бербегилечи акыр заманга аз калганда деп !!! жакшы ниет кылсанар андан коро.
+2
N.Bakazova
2013-03-09 11:54:25
INailia, akyr zaman dep nietinerdi burbagyla ,
0
mahabat.
2013-03-06 11:30:21
жапжаш эле кыз экен.мындай идея менин да оюма келбептир.жеткен акылы ушу го
0
shirin27
2013-03-06 16:11:44
Akir zaman da ele jashap jatabiz go, akir zamandib belgileri korunup ele jatat, en ele chon korunushtu ru Jok poka batishtan kun chigip chigishka kun batkan . Al emu Bashka maydalar bolup ele kaldi. Kuday sakta bul duynonun fitna sinan ozun sakta.
0
zvezda...
2013-03-07 00:52:43
Адамдар жашоо кыйындады деген шылтоону таап алышып,эмне деген гана акмакчылыктарга барып жатышат?!Жаш эле кыз экен,иштеп,ак эмгеги менен акча тапканга мээси жетпегени окундурот(((Кудай сакта!
0
kurguz...
2013-03-07 04:38:42
Ууру абакта отуруш керек!
0
best-life
2013-03-07 09:23:01
ой мындан башка канчалаган аягы ачылбас кылмыш иштери толуп жатпайбы.Буга ким куноолуу татыктуу тарбия бербеген ата-эне куноолоуу, ак караны билбеген, эс токтотчу жашка келсе да адалдыкты айрып билбеген озундо куноо. ошондой эле Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгү ооздорун ачып аял затына формасын уурдатып жиберишип эмнени карап олтурушат))) Кулкуну келтирээрлик эле иш болуптур.
+11
Karysh
2013-03-09 02:08:24
Кызды сүйүп калдым;)
0
Aijan06
2013-03-27 22:42:34
кудай озу сактасын мындай адамдардан!
0
mandalak
2013-04-04 17:34:34
ai booru ai olturdu da aiagynda (Окуя кандай болгонун эстегим келбейт, айтпай эле коёюнчу.) dep koiiun ushul toluk maalymatty alyp jazyp bergilechi estep alyp oolo kulkum kelip jatat
0
№ 539, 1-7-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан