ИЗДЕЙМ СЕНИ

«КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Мен Баткен облусунун Лейлек районунун Голбо айылында жашаган курбум Бузада Туратованы издейм. Аны Гуля деп койчубуз. Гуля, сен бизди издегениңди уктум. Биз Аламүдүн-1 кичи районунан көчүп кеткенбиз. Сенин номериңди таба албай койдум. Эгерде менин ушул катымды окусаң, төмөнкү номер аркылуу байланыш.

Сайра Чекирова, тел.: 0555 42-59-91, 0312 45-39-32.

«КЫЯЛДЫ КӨРСӨМ ДЕГЕМ»
– Кенже аттуу жигит аркылуу ат-башылык Кыял деген кыз менен таанышкам. Ага-карындаш катары жакшы тааныштардан элек. Акыркы жолу Кыялга 2005-жылы «Аламүдүн» базарынан жолуккам. Конфет саткан дүкөндө апасы менен турган экен. Экөөбүз учурашып, сүйлөшүп турдук эле. Ошондо Таласка турмушка чыкканын айткан. Андан бери такыр жолуга элекмин. Кыялга жолуккум келет.

Бактияр Момунов, тел.: 0772 16-12-78.

«УУЛУМДУ АПАСЫНА ЖОЛУКТУРГУМ КЕЛЕТ»
– 1992-жылы Тоюнкүл Абдышова аттуу кызга баш кошком. Ал Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылынан болчу. 1994-жылы экөөбүз Эрлан аттуу уулдуу болдук. Уулубуз 7 ай болгон кезде апасы экөөбүз тил табыша албай ажырашып кеттик. Ошондон бери 19 жыл өттү, келинчегиме жолуга элекмин. Уулум чоңоюп, «апам ким? Ага жолуккум келет» деп жүрөт. Апасы менен уулумду жолуктуруп, тааныштырып коёюн дегем. Тоюнкүл окуп калса байланышат деп күтөм.

Камчыбек Абакиров, тел.: 0557 28-04-65.

Редакциябызга жакын­дарын, тууган-тууш­канда­рын издеп кимдер гана кай­рылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыя­лан­ган соң табышып, каты­шып кеткендер көп.

«СУПЕР-ИНФО» АРКЫЛУУ ИЗДЕГЕН АДАМЫМДЫ ТАПТЫМ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити? Биз сиздердин ар­каңыздар менен издеген адамыбызды таптык. Дагы көптөгөн адашкан адамдарды табыштырасыздар деп ишенебиз. Миң мертебе ыраазычылык билдирүү менен, ишиңиздерге ийгилик, ка­лемиңиздердин курчуй беришин каалайбыз. Нускаңар мындан да көбөйүп, элдик гезит болуп кала бериңиздер. 

Урматтоо менен Айка

«КЛАССТАШТАРЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен Сокулук районунун Манас айылындагы Ат-Башы атындагы мектеп-гимназияда 2012-жылы 9-«В» классты аяктаган классташтарымды издейм! Эгерде окуп жатсаңар, мага чалып коюшуңарды күтөм.

Хусан Рахимбердиев, тел.: 0708 82-81-11

«КУРБУЛАРЫМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
– Кыз-келиндер педагогикалык институтунда 1988-жылы чет тилдер факультетин аяктаган курсташ курбуларым Бурмайым Жолборсова, Гүлбара Козукеева, Чынара Мамбеткадырова, Жумакан Мотиева, Нуриля Карипова, Дарыя Кочореваны издейм. Алар менен байланышып, жолуккум келет.

Бурул, тел.: 0770 31-56-90

«МУЗЫКАДАН МУГАЛИМ ЭЛЕ...»
– Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен айылынын тургуну Гүлмайрам Кулкишиеваны издейм. Ал 1981-жылы туулган, музыка мугалими болуп иштейт. Эгерде бул катты окуп калса, байланышат деген үмүттөмүн.

Мунарбек, тел.: 0556 08-41-84

«БАГЫП АЛГАН УУЛУМА ТУУГАНДАРЫН ТААП БЕРГИМ КЕЛЕТ»
– 1988-жылы №2-төрөт­ка­надан ошол жылы 4-февралда төрөлгөн Мусаев Тимур Шайымбекович аттуу баланы багып алгам. Мурда ата-энесине жолуктургум келбей кызганчумун. Азыр ата-энеси, туугандары болсо таап бергим келет. Тимур ыймандуу, жакшы бала болуп чоңойду. Үйлөнгөн, үй-жайы бар, материалдык байлыкка муктаж эмес. Эгерде туугандары болсо, мага СМС жазсаңыздар.

Мадина, тел.: 0777 44-12-61

«КАЙДАСЫҢ, ГРУППАЛАШЫМ?»
– Мен ЖМУда КТК-2-97 бөлү­мүндө чогуу окуган группалашым Айкөкүл Жолдошеваны издейм. Ал 1981-жылы 20-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда төрөлгөн. Өзүм Чаткал районунан болом. Эгерде курбумду тааныгандар болсо, кабарлап коюшун суранам.

Жамиля Озокеева, тел.: 0779 41-03-94

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Husan
2013-03-12 23:25:41
Maga a9bai jakty,silerdin jardamynar menen 7 klasstashymdy taptym.raxmat silerge
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан