АЯЛЗАТ – ААЛАМ АЖАРЫ!

Баарыбызга өмүр тартуулап, чоң түйшүктү мойнуна артып, чоң жоопкерчилик менен бала тарбиялап, үзүлгөндү улап, улуулукту, сулуулукту даңазалап, үйдүн куту, түндүктүн түркүгү болуп келе жаткан бул – аялзаты экенин эч ким тана албаса керек. Аны эмнеге гана теңебедик? Айга, Күнгө, Жылдызга... Мындан да чоң нерсеге теңегибиз келет. Бирок сөз кургуруң табылбайт тура. Кыска гана «Бар болгула, айымдар! Силер ыйлабагыла, силердин жылмаюуңар өчпөсүн, силердин сүйүүңөр, мээримиңер түгөнбөсүн» дегибиз келет.
Мындан бир ай мурун «Супер-Инфо» гезити 8-Март– Аялзатынын майрамынын урматына карата «Аялзат – аалам ажары!» аттуу сынак жарыялаган эле. Редакциянын дарегине келген каттардын ушунчалык көптүгүнөн кыргыз эли сөз баккан калк экендигине дагы бир жолу ынандык. Биринен сала бири мыкты, жүрөк түпкүрүнөн жаралган эмгектер. Жеңишке баары татыктуу. Бирок сынак болгон жерде сөзсүз жеңүүчү болот эмеспи. Редакциялык жамаат ары тартышып, бери тартышып отуруп 10 талапкердин эмгектерин баса белгилешти.

8-Март – Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган "Аялзат – аалам ажары!" сынагыбыз жыйынтыкталды. «Мыктынын да мыктысы болот» дегендей, алдыңкы 3 орунду акындар Зайырбек Ажыматов, Улукбек Жайчыбеков жана Бердибек Жамгырчиевдин
чыгармалары ээледи. Алардын айрым
ырларына орун бердик.

ЭНЕЛЕРГЕ ТААЗИМ
Бала үчүн чыркырап жаны дайын,
Бала үчүн арналган баары дайым.
Кантип сыят зор түйшүк жүрөгүңө,
Кагылайын, апалар, кагылайын?!
Жок эч нерсе сиздерге теңегенге,
Жок таамай сөз баалоочу энелерге.
Аздык кылат салмагы Ай, Күн, Жердин,
Апалардын эмгегин ченегенге.
Үмүттөр көп өмүрдө акталбаган,
Үшкүрүктөр көңүлдө катмарлаган.
Энелер, ай, антсе да мээрим төгүп,
Эссиз уулун бапестеп, кастарлаган.
Апалар, ай, ак дилин ката албаган,
Апа деген – асылдык катарлаган.
Мен эле эмес, менсинген далай акын,
Мээримиңди сөз таап жаза албаган.
Ар учурда ырыс-кут жандаганың,
Айланышат асылга кармаганың.
Ак дилимден силерге таазим этем,
Айланайын, апалар, айланайын.

МЕЛМИЛ
Бир сулууга жолуктум Мелмил деген,
Сулуулукка, мээримге мелмилдеген.
Эриниме төшөлүп эриндери,
От ичкенди үйрөндүм эрдим менен.
Жаңырууда, бардыгы жаңырууда,
Жалын, оттор денемде агылууда.
Катаал күндөр какшытып катып калган,
Каным ташыйт дүркүрөп тамырымда.
Сенсиз мокоп, жашоодон сууп келдим,
Сүйүү, сүйүү – туткасы улук жердин.
Согуп жүрөк демиңден демиктирген,
Соолуп жаткан жеримден туруп келдим.
Башым тийип Күн, Айга тура калсам,
Аңкайышат аскалар улагамдан.
Мен өзүмдү эң бийик сезип турам,
Корком, корком, эх, андан кулагандан.
Мелмил, Мелмил, Мелмилим, мелмилдеген,
Мээрим бердиң, күч бердиң мен билбеген.
Кайнап турса канымда улуу сүйүү,
Кармашууга даярмын мезгил менен.

Зайырбек Ажыматов

ЖУБАЙЫМА
Жан дүйнөм ооруп турса,
Сен күчтүү дарыдайсың.
Сулуу жүз, мээрим менен,
Оорумду дарылайсың.
Көзүмдү карап турсаң,
Бал тапкан аарыдайсың.
Сүйүүнү ыйык тутуп,
Мынчалык ак жүрөксүң.
Ыймандуу мүнөз менен,
Сен мага чын сүйөксүң.
Кимгедир бирөө сулуу,
А мага сен чүрөксүң!
Атадан жетөө болуп,
Тууганга бай болсом да.
Сен жокто жалгызсырайм,
Көңүлүм шай болсо да.
Чыйрыгып үшүгөнсүйм,
Табигат жай болсо да.
Жашоодо дем-күч болгон,
Аман бол, асылзатым.
Эрим деп ызааттаган,
Акылдуу аруузатым.
Бүт өмүр сага тартуу,
Мээримдүү АЯЛЗАТЫМ!!!

ЭНЕКЕ
Энеке, көп ойлоном,
Ишенсең, ичтен ыйлайм.
Элге окшош эмесмин деп,
Өзүмдү өзүм кыйнайм.
Адашып жүргөнсүймүн,
Денеме жаным сыйбай!
Энеке, ойлойсуң го,
Бул балам ойлонбойт деп.
Көр турмуш тирлигине,
Карайлап корголойт деп.
Кичине тыңый түшсө,
Корсоңдоп ойдолойт деп.
Ооба, ЭНЕ, туура ойлойсуң,
Билесиң мүнөзүмдү.
Антсең да артык көрөм,
Дүйнөдө бир өзүңдү.
Тирлик деп жан талашкан,
Сага арнайм күрөшүмдү.

Улукбек Жайчыбеков

КӨЛӨКӨ АЙЫМДАР
Байкалбаган сыр менен ороп нурга,
Башталышы айымдар жомоктун да.
Керек болсо өмүрдүн бир мүнөтүн,
Келбей турат силерсиз короткум да.
Кылым жазсак бүтпөстүр дастан дагы,
Гүл чыгарган жансыңар таштан дагы.
Жалган бекен, чынында силерсиңер,
Жашоодогу жез кемпир, мастан дагы.
Оо, айымдар, кай бирин айтам дагы,
Оңой эмес сырыңар байкалмагы.
Эркелетип периште дейбиз бирок,
Экениңер чындык да, шайтан дагы.
Деңиз болуп сезимин жашырчулар,
Күн жылыса күлүңдөп ачылчулар,
Көөдөндөгү байлыкты уруп койбой,
Көр дүйнөнүн көркүнө сатылчулар.
Каректерге катылып, жашынчулар,
Алтын, күмүш көрсө баш урчулар.
Жан дүйнөнүн байлыгын бат унутуп,
Жалган, кооз дүйнөгө жакынсыңар.
Анткен менен а бирок, эх, перилер,
Айды самап кыялда жетпедиңер.
Чөнтөк бошто силерге жагыш кыйын,
Чөнтөк толсо жабышып кетпедиңер.
Күнүмдүктү ойлогон, эх, перилер,
Күн чыкканда жабышып кетпедиңер.
Күн бүркөлсө таптырбай житип кетчү,
Көлөкөгө опокшош көп жериңер.
Кай бир кезде өмүргө түн түшүрөр,
Кандуу жолго азгырган түлкүсүңөр.
Бирок канча амалга салсаңар да,
Бийлигине ээ кылбайт бүркүтүңөр.
Кызыгы көп, шыңкылдак күлкүчүлөр,
Тирүүлүктүн түгөнгүс мүлкүсүңөр.
Из жашырып коктуда жүрсөңөр да,
Илип кетет баары бир бүркүтүңөр.
Айымдар, ай, чынында түлкүсүңөр,
А жигиттер силердин бүркүтүңөр.

Бердибек Жамгырчиев

ЭРКЕКТИН ТЕҢ ЖАРЫМЫ – АЯЛЗАТ!
Эркекке эриш-аркак жөлөк болуп,
Куш сымал бөлөк үйгө барып конуп.
Аялзаты көз ирмемде ошол үйгө,
Капырай, калат экен бүлө болуп.
А бирок кай бир эркек макоолонуп,
Аялдын баркын билбейт, кагып-согуп.
Энелик мээрим менен аялзаты,
Чыдайт экен балдарынын багын коруп.
Турмушта ар кыл тагдыр жолун тооруп,
Кыйналып, кысталса да жүрөк ооруп.
Ачууга алдырбастан аялзаты,
Жашайт экен калбастан гүлдөй соолуп.
Аял-эркек ээрчишип жупташпаса,
Жүрөктөр ташка айланат, муздай тоңуп.
Бири-бирине баш ийип ыкташпаса,
Көл-дайра көз ирмемде калат соолуп.
Бир гана баркын билер жары болсо,
Аялзат асмандагы айдай толуп.
Эх, чиркин, эң бактылуу эне болмок,
Башына эч түгөнгүс бакыт конуп.

Жазгүл Бейменжан кызы

КЕМПИРИМЕ
Кыялың көрүп оолуккам,
Кызыгып жүрүп жолуккам.
Кемпирим болдуң балпайган,
Кыз элең, кызыл жоолукчан.
Кемпир да болсоң керексиң,
Кеп салып кечке эрмексиң.
Кычышса аркам жүдөтүп,
Кандыра тырмап бересиң.
Калыңдап төшөк саласың,
Кабаттап жууркан жабасың.
Кайыгып үшүп калба деп,
Кымтылап жылуу жабасың.
Күч-кубат жетип турганда,
Карылык деген тамаша.
Көлөкө жерге багармын,
Кейибе, кемпир, мен барда.
Казан-аяк бир кагышып,
Кээде тетир карашып.
Капалык тарап бат эле,
Калчы элек кайра жарашып.
Койнунда жатсам кучактап,
Коңурук тартат коркурап.
Көнүп да калган көнүмүш,
Коёмун башты тумчулап.

Абдыжапар Мураталиев

АЯЛ – МЕН!
Аялсыңбы – бактылуусуң анда сен,
Ал бакыттын бир үзүмүн таткан мен.
Таразасы салынган тагдырымдын,
Арабасын тартып келе жаткан мен!
Сүйүү менен, үмүт менен курам чеп,
Менин үйүм – кичинекей мамлекет.
Чырпык менен чынар кылам уямды,
Бузуп салып, басып кетпе, АЯЛ деп!
Адамдар бар, арабызда эсирген,
Теңсинбестен топуракка тепсеген.
Тебеленип ылай, чаңда калсам да,
Моюн бербей, баш көтөргөн АЯЛ – мен!
Ыйласам да, сыртымдан күлүп турам,
Кыйналсам да, үмүттүн үйүн курам.
Ааламдын бир бурчунда тукум улап,
Бул жашоону АЯЛ – мен сүйүп турам!

Акмөөр Өмүркул кызы

АЯЛДАР – АЛЛАНЫН АМАНАТЫ
Аял назик...
Оорутуп жүрөктөрүн,
Кыйкырып, катуу сөз айтпагыла!
Ал ишенчээк...
Жалган айтып,
Кыянаттык кылбагыла!
Ишеничтин дарбазасын жаппагыла!
Кыяматта жооп берерсиң,
Аялзатын аздектеп сактагыла!
Эркектерге тапшырган Алла Таала,
Аялдар – аманаты Жараткандын,
Дегени бар, азирети пайгамбардын...
Ооба, ооба...
Аял назик, аял ыйык...
Аялзаты көлдөй терең, тоодой бийик.
Аял улуу, аял сулуу...
Аялдын жок жаман аты.
Аялзаты Айдай аппак, Күндөй нурдуу,
Ардактап жүрөлүчү аялдарды,
Анткени алар – Алланын аманаты...

Медербек Кадыров

КЫЗЫМА КЕРЭЭЗ
Жаш өткөндө кайгырдым, кызым,
Түгөйүмдөн айрылдым, кызым.
Түшүнөр деп ата сырын,
Бел кылып сага кайрылдым, кызым.
Энеңди эстеп мен бүгүн, кызым,
Көз жашым төгүп бөксөрдүм, кызым.
Башыма жазган багыма көнүп,
Көп күндү минтип өткөрдүм, кызым.
Энеңе берген ал белек, кызым,
Акыркы экен билбепмин, кызым.
Колума кайра тийди деп эми,
Жакшылык күндү тилепмин, кызым.
Тагдырга жазып оор күндү, кызым,
Түтүнсүз күйүп-жаныпмын, кызым.
Айталбай кайгым ичимде түнөп,
Жалдырап жалгыз калыпмын, кызым.
Кыштын узун түнүндө, кызым,
Төшөктө уктап жата албайм, кызым.
Өзүңдүн кайгың таштан оор болсо,
Батынып сырым айта албайм, кызым.
Өзүңдү сакта, сен жашсың, кызым,
Башыңа жаздык коюп кой, кызым.
Жакшылап жашап, кайраттуу болуп,
Мен өтүп кетсем, көмүп кой, кызым.
Эч кимге оордук тийгизбейм, кызым,
Кыйналсам дагы билгизбейм, кызым.
Алдымда канча өмүрүм калса,
Силер деп жашап, жол издейм, кызым.
Бардыгын камдап коёмун, кызым,
Мезгили жетсе айтайын, кызым.
Эч кимди кыйнап, оорутпай ичин,
Жерге мен тынч жатайын, кызым.

Токтобек Жолдошев

МИЛИЦИЯНЫН АЙЫМДАРЫ
Катарда бирге турган жанымдагы,
Ийининде жылдызы бар тагынганы.
Кызматын так аткарып иштеп келет,
Бүгүнкү милиция айымдары.
Катардын эң алдыңкы сабындагы,
Тапанча болуп кээде тагынганы.
Жигиттен кем калышпай кызмат өтөйт,
Бүгүнкү милиция айымдары.
Өткүрлүк, чечкиндүүлүк канындагы,
Мүнөзүң кээде өрт да, жалын дагы.
Үйүнө барса назик, камкор эне,
Бүгүнкү милиция айымдары.
Катталган кылмыш иши аныктаары,
Тергөөгө алып, бекем тастыктаары.
Чындыкты таразалайт акыйкаттуу,
Бүгүнкү милиция айымдары.
Кызматта кечке жүрүп сагынганы,
Урматтап, башын ийип багынганы.
Балдары, арзып тапкан жан шериги,
Бүгүнкү милиция айымдары.
Сактаган кыргызымдын салтын дагы,
Сыйлаган кайын журтун айылдагы.
Ыйбалуу кыз-келиндер, мисс-перилер,
Бүгүнкү милиция айымдары.

Ырысбүбү Сагымбаева

Нарындан атайын келген сынактын эң улуу катышуучусу, 83 жаштагы Сынжыбек Байбосунов ата "жубайлар тең арып, карышса" деген тилегин айтып, жалпы айымдарга ыр белек сунду.

8-МАРТ – КУТ МАЙРАМ!
Майрамдын баары кут майрам,
Биринен бири кем калбайт.
Өзгөчө шаттуу курч майрам,
8-Март майрам!
Ааламдын эли аздектеп,
Ардактап айтат алтынды.
Алтындан кымбат асылга,
Салыштырчу зат барбы?
Аял – баарыбыздын энебиз,
Сыймыгын айтып келебиз.
Жок болсо аял заматта,
Айланы таппай кетебиз.
Ай, Чолпон болуп жаркыган,
Байбичең турса жаныңда.
Кубаныч толуп койнуңа,
Бүткөн бой эргип, балкыган.
Касиеттүү байбичем,
Он балага эне эле.
«Баатыр эне» аталып,
Кадыр-барктуу жан эле.
Улуу майрам, улуу күн,
8-Март дейбиз.
Ушул күнү төрөлүп,
Түгөйү болуп эгиздин,
Кош майрам коштоп өңөрүп.
Белгилеп жылда турчу элек.
Өң тааныш, эл-журт кадырлап,
Бир тууганы, балдары,
Салтанат майрам курчу элек!
Элүү жыл иштеп мугалим,
Чарбадан иштеп отуз жыл.
Күч-кубат берип байбичем,
Алдыңкы сапты бек кармап,
Эмгектен чыкты атагым.
Эми өзүңдөн калдым ажырап.
Сыйпалап ордуң таба албай.
Мүңкүрөп турам баса албай.
Байбичемдин кыздары,
Ар жерде иштеп жатышат.
Кут болсун деп майрамың,
Куттуктоо айтам кадырлап.
Куруп кеткен үй-бүлөң,
Шаң курап турсун жадырап.
Улуу кызым Гүлмайрам,
Ат-Башыда райондун,
Ардактуусу, атуулу.
Көп жылдар тынбай иштеген,
Кызматында барктуусу.
Мектепте завуч, директор,
Агартуунун мыктысы.
Райондо депутат,
Иштеп келет татыктуу.
Эльмира менен Илина,
Ден соолуктун сакчысы.
Гүлмира кызым шаарда,
Тийиштүү кызмат аткарып,
Жашоого ыкчам, шаттуусу.
Жалпы эле куттук айтамын,
Дүйнөнүн аялзатына.
Клара Цеткин колдогон,
Эркиндик, теңдик баарына.
Тынччылык болуп дайыма,
Урматын сактап аялдар.
Жашоосу шаңдуу кут болуп,
8-Март күндү
Майрамдап турсун жабыла!

Сынжыбек Байбосунов

Сынакка демөөрчүлүк кылган өнөктөштөрүбүз: «Келдике» зер үйүнө, «Куликовский» кондитердик үйүнө жана «Дархан» ишканасына терең ыраазычылык
билдиребиз.

Дамира Арстанова
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
prezent
2013-03-11 22:49:08
Ажыматов акын болуп сынакка катышканы уят!!акча же белек керек го менимче,же женебизге белек таппай калганбы?
0
maksimus
2013-03-12 10:47:59
Ким ал Аыжматов?
0
Датка кыз
2013-03-12 18:52:22
"Супер-Инфо" сынакта акындар катышпасын деген шарт койгон эмес, жарнакты дагы бир жолу, козду чон ачып окуп койсон болот,prezent. Ырды акындар жаратпаганда ким жаратмак эле?!
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан