5-март күнү саат 23:30 чамасында Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Бул тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматкерлерине келип түшкөн. Алар окуя болгон жерге барышып, үй ээси, 40 жаштагы А.Кнын күйгөн жансыз денесин табышкан. ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдагандай, тилсиз жоо колго жасалган электр плитасынан улам келип чыккандыгы аныкталды.