Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан Токмок шаардык мэриясынын жетекчилигине карата кылмыш иши козголду. Өлкөбүздө жетекчи кызматкерлердин ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөш кызуу жүрүп жаткандай. Токмок шаардык мэрияны текшерүүдө аталган мекемеде мыйзам бузуулар болгону аныкталган.
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы менен Коммуналдык ишканалар комбинатынын жетекчилери тарабынан кызматташуу тууралуу келишим түзүлүп,
15 571 сом мыйзамсыз сарпталган. Мындан тышкары жалпысынан 2012-жылдын август айынан декабрына чейин 84 176 сом бюджеттик каражат мыйзамсыз жумшалгандыгы да маалым болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.