Өткөн аптада Чүй облусундагы Сокулук районунун Камышановка айылында оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептин ачылыш аземи болду. Мектепти оңдоо Кыргызстандагы АКШ элчилиги жана өкмөттүн биргелешкен демилгеси менен ишке ашып, ага жалпысынан 58 миң доллар акча жумшалган. Иш-чарада мектеп окуучулары чакан майрамдык концерт тартуулашты.