«The Black Eyed Peas» тобунун солисткасы Ферги кош бойлуу» деген маалымат тарап, болочок ата-эненин кубанычында чек жок. Ырчынын жолдошу, актёр Жош Дюамель интернеттеги өздүк баракчасына "Ферги, мен жана перзентибиз менен биз эми үчөө болобуз" деп күйөрмандарына сүйүнчүлөп жиберген. Бирок көп өтпөй Жош эсептен адашканы белгилүү болду. Жош айткандай, алардын үй-бүлөсү үчөө эмес, төртөө болмокчу. Боюндагы эгиздерине кам көрүү максатында Ферги азыртан жеке карьерасын токтотуп, спирт ичимдиктеринен баш тартыптыр.