Алып баруучу Ксения Бородина менен «Дом-2» долбоорунун мурунку катышуучусу Михаил Терехиндин мамилеси жакшы эмес экени байма-бай айтылып жүргөн. Бирде Терехин «биз ажыраштык» десе, бирде Ксения «биз бири-бирибизди сүйөбүз» деп кайчы пикирлерди айтып жүрүштү. Мына жакында гана бул маалымат такталып, Терехин Ксения менен мамилесине чекит койгонун айтып чыкты. Ага «сүйөм-күйөм» деп жаткан алпаруучу негедир унчукпай, комментарий берүүдөн баш тартып келет экен.