«Өспүрүм-каратэ» тасмасында роль жараткан Уилл Смиттин уулу Жейден көзгө илинип, чоң жигит болуп калыптыр. Кантип көзгө илинип дейсизби? 15 жаштагы жаш актёр телеалпаруучу Ким Кардашьяндын 16 жаштагы Кайли аттуу сиңдисин жандап жүргөнүнө көп болгонун айтышат. Эске салсак, Жейден рэп ырчы жана актёр катары таанылса, Кайли реалити-шоу жылдызы жана модель катары өзүн көрсөтүп келет. Жаштардын баскан-турганы, жеке жашоосу азыртан оозго алынып калганы бекеринен эместир. Балким, сүйүүсү бекем болсо, булар «Эң жаш жылдыз түгөйлөр» наамына татып калышар...