АБДЫЛДА ОРУН ТАЛАШКАНДАРДЫ «ЭРМЕКТЕДИ»

Башталышы – 19:30 (30 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 350-550 сом
Алпаруучу – Рахман Разыков жана «Беш тапандын» балдары
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 100 пайызы (2-март күнү)
Эң мыкты номер – Абдылда Иманкулов катышкан тамашалардын бары

Куудулдардын алпы Абдылда Иманкулов быйыл 50 жылдык юбилейине карата март айынын башын ээлеп чоң концерт берди. Чү дегенде эле сахнага досу Рахман чыгып «мен деле, Жамбыл деле 50 жылдык юбилейди бергенбиз. Бирок мынча келбедиңер эле. Же Абдылданы 60ка чыкпайт деп ойлоп, биротоло коштошкону келдиңерби?» деп жылмайтты. Андан соң сахнага кеченин күнөөкөрү Абдылда чыкты, элге таазим кылып.
Куудулдар жүргөн жеринен тамаша табышат эмеспи. «Тур, бул менин ордум» деп жай талашып жаткандарга карап Абдылда «толтура орун бош калгандан көрө, орун талаштырып минтип эрмектеп отурган жакшы турбайбы» деп тийишип, аларды жайгаштырганга да жетишти. Чынында, Абдылданын «алтындарым, жаш эле экенсиңер, туруп эле көргүлөчү» дегенине болбой, улуу адамдардан орун талашкан 5-6 жаш кыздын жоругу куудулдун гана эмес, элдин да кыжырын кайнатты.
Куудулду куттуктап «Беш тапан», «Жоролор» куудулдар тобу, достору Рахман Разыков, Жамбыл Камчиев, Күмөндөр Абылов, ырчылардан Токон Эшпаев, Канымжан Жаманбаева жана башкалар келишиптир. Күмөндөргө кеп кезеги келгенде «куудулдардан Абдылда экөөбүз гана бир аял менен жашап келе жатабыз. Бул деле 1-2 жолу «попытка» кылган. Бирок ишке ашпай калды» деп досунун короосуна таш ыргытып өттү.
Концерттин жүрүшүн эл кандай баалады билбейм, мен «жакшы» деген баа бердим. Ооба, Абдылданын турушун көргөндө эле 32 тишибиз көрүнгүчө күлөбүз. Анткени ал турган турпаты, куйкум сөзү менен элдин тамырын кармай билет. Айрым белден ылдый түшүп кеткен тамашалары элди күлдүрбөй эле, аз да болсо кооптондуруп койду, сыягы. Рахман менен Абдылда маркум сахналаштары Манас Бердибеков менен Дөөлөт Мадумаевдин элесине арнап аткарган ыры таасирдүү болуп, көпчүлүктү жашытып да жиберди. Куудулдун көпчүлүк күйөрмандары Абдылданын дал ушул концерти үчүн эмес, 30 жыл сахнада жүрүп чогулткан аброю үчүн келишсе керек деген ой менен үйгө кайттым.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Jupara.1994
2013-03-11 13:11:03
Жакшы адамга эл озу эле айтырбай келет.
+8
nurbek_posol
2013-03-11 18:43:50
Ооба, Абдылда таланттуу куудул. Ото соонун аткарат. Айрыкча эки жуздуулукту катыра аткарат. Ийгилик каалаймын!
+2
aysu.ch92
2013-03-11 19:54:35
Кантсе да Токтогулдук да, бар болунуз, бир жолу жаныныздан коруп эле кулкум келген, таланттуусуз...
0
janet
2013-03-11 20:53:56
ушул концертте орун талашкан качан жоголот десен?! Азыркы улгайган кишилерде бет деле жок, 80 ге чыктым деп эле бироонун ордуна отуруп алыш керекпи... Ушинтип кантип заман онолсун?
+2
Fekus
2013-03-15 15:59:54
janet, туура айтасыз. эмне жаштын жаны жок бекен? мейли автобус, маршуткаларда орун бошотуш керек улууларга, а бирок концертке эс алып отуруп коруш учун билет аласын да, сен жашсын мен карымын деп ордун ээлеп алган болбойт да
+1
Талант
2013-03-11 21:29:06
Улуу урматтуу janet 80чыккан улгайган кишилер туруп 18деги кыз-уландар отурса эле заман онолуп кетет деп ойлойсузбу каттуу кетсем кечиресиз бирок сиз терен жанылышасыз Каргага тенелип каздын буту сыныптыр болбойлу анткени биз кыргызбыз карыларга орун бошотуп беруу милдетибиз ал эми автобус трамвайдагы орустардын жаман адатын эмес жакшысын уйронгонго аракет кылыныз
0
gungen
2013-03-12 13:19:19
Талант,улууларга орун беруу абдан туура ал кичиненин чонго милдети бирок сен атайын концертке билет алсан жакындарын менен бирге барсан анан билети жок бироо келип ордуну талашса туура эмес болуп калбайбы ал эгер билети жок болсо концертке кирбеши керек эле да билетти отуруп коройун деп алат да жон эле оюмду айттым капа болбо
0
janet
2013-03-13 01:52:09
Талант, кыргыз же кыргыз эместикте эмес, кеп тартипте болуп жатат. Ошол тартип жоктуктун айынан заманын баш аламан, 80 ге чыккан чалдар жуздон уруп алып мечитке барбайт дейсинби аксакал башы менен. Же эмне аксакал болсо эле асмандан тушкон ай бекен суттон аппак болгудай, кайра ошолор тартипти сыйлап улгу корсотушу керек жаштарга
+1
mi-li-na
2013-03-12 08:45:34
Куйручук,Шаршендин учугун улаган ушул агаларыбыз бар болсун.Абдылда агайга таазим!Элди руханий жактан азыктандырышып,замандын ак карасын чагылдырышып элге мыкты ыр-кулку тартуулап келе жатышат.ТВдеги чириген саясатты коргончо ушул куудул,тапандарыбыздын бир эле созун угуу мин эсе артык.Баардыгында ийгиликтер болсун жана кыргыздарга дагы да оз эмгектерин тартуулап журо беришсин.
+2
tyan-shan
2013-03-12 11:57:05
оштогу концертине да кассада билеттер калбай калыптыр дешкен. анан да 1000сомго чейин чыгып кетиптир. башкача айтканда коргон да арманда корбогон да арманда калды дегендей
+1
ainura220888
2013-03-12 14:39:33
кыргызстанда болсом барат элем
0
nurik9090
2013-03-12 18:10:22
чыныгы куудул бул адам емгегине ото баа берем,бир майрамда интермедиясын аткаргам ошондо баа бергем талантына чыныгы талант.
0
askar92
2013-03-14 00:22:39
концертин жуктоп койгулачы сураныч
0
admin_media
2013-03-14 09:25:16
askar92,
Концерттин биринчи бөлүгү
http://www.super.kg/media/?type=video&id=84111

Экинчи бөлүгү
http://www.super.kg/media/?type=video&id=84109 Ушул шилтемелер аркылуу кирип көрсөңүз болот.
0
baibolot71
2013-03-14 10:13:48
Таланттуу адам Абдылда ака.!Бир жолу уйунун жанынан отуп бара жатсам,Абдылда ака туалетте олтуруптур,башын ойдо каратып кандайсын деп коет.А мен болсо жакшы,эмне кылып жатасыз десем,жон эле деп койгонучу.
0
ma4ak
2013-03-14 16:51:43
хахахааа Абдылда байке озу эле хахада. Куудул деп айтсан болот ар бир создон кычык таап турат
0
bravoo
2013-03-15 03:47:58
Абдылда байке крассавчик не билбейм эл артисти наамын бербей атышат биринчи ушул байкеге бериш керек болчу чондор бербесе эл билет сизди Абдылда байке чын журоктон ийгилик каалайм коп жашан.
0
tariel80
2013-03-18 02:46:31
Акем красава Коп жашаныз
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан