Өмүрбек Бабанов, экс-премьер-министр:«ЖАЗЫНДА МИТИНГГЕ КИМ ЧЫКСА ДА, МЕН КОШТОБОЙМ»

Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек мырза маекти «сөзүмдү угуп, коркуп качып кетпесеңер болду...» деп азил-чыны аралаш баштады. Саясат айдыңында 6 айдай көрүнбөй кеткен экс-премьер менен болгон баарлашуубуз кызыктуу жана бат өттү.

– Өкмөт башчылыктан кеткениңизге жарым жылдай болуп калды. Бул убакыт ичинде эмне менен алек болдуңуз? Эс алдыңызбы?
– Ооба. Эс алгандан тышкары китеп окууга, ден соолукту чыңдоого, балдарыма кенен убакыт бөлүүгө да жетиштим. Азыр болсо партияны бекемдөөгө кириштим.

– Экс-президент Роза Отунбаева менен жазга, митингге даярданып жатышат деген чынбы?
– Роза Исаковна менен көрүшө элегиме 3 ай болду. Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков менен да көптөн бери жолугуша элекмин. Оппозицияны жыйнап, аларды каржылаган жерим жок, жазында митингге чыгам дегендерге кошулбайм да, коштобойм да. Бирок эл ичинде "көктөмдө митингдер болот экен" деген кептер учурда күчүндө. Ага экономикадагы абал жана кадрдык маселелер себеп болуп жатса керек. Айтып коюу керек, Кыргызстан үчүнчү революцияны башынан өткөрө турган болсо, анда өлкө катары дүйнөлүк картадан жоголуп, экиге эмес, жетиге бөлүнөт.
Алмазбек Атамбаевдин да президент катары иштегенине бир жылдан эми өттү, бул аралыкта "анын үй-бүлөсү бизнеске аралашып жатат" деген сөздү укпадым. Анын ишине эл дагы беш жылдан кийин баа берет. Жыл сайын президентти алмаштыруу же революция жасоо кыргыз эли үчүн көнүмүш адатка айланбашы керек.
Суроо төркүнүнө келсек, бул кепти президенттин тегерегиндеги адамдар чыгарышууда, алар мени Алмазбек Шаршенович менен уруштургусу келишет. Бул киши экөөбүздүн ортобуздагы мамиле жаман-жакшы экенине карабастан, эгерде анын иштери туура эмес болуп жатса, «катачылык кетип жатат» деп ачык эле сын-пикиримди айтам.

– Өкмөттөн кеткенден бери президент менен көрүштүңүзбү? Учурдагы мамилеңиздер кандай?
– Премьерликтен кеткенден кийин аны менен бир топ жолу жолуктум. Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунан бери көрүшө элекпиз.
Алмазбек Атамбаев менен иштегениме сыймыктанам. Ал мени саткан жок. Кызматтан кеткенимден кийин митингдер жөнүндө сөз жүрө баштаганда «Алмаз Шаршенович, мен бийлик, кресло үчүн эл чыгарбайм» дедим. Бийликке оппозиция катары чыга турган болсом, ачык эле айтып чыгам. Бирөөнүн артында туруп алып, акча берип, тымызын иш алып барбайм.

– 3-октябрь окуясынан кийин Айсулуу Дүйшөнкулова аттуу аял тартылган видео интернетке жайылып, анда «Ташиевге Бабанов жардамга келмек, сатып кетти. Ташиев болсо ишенип чыгып албадыбы...» деген сөздөр айтылат. Бул боюнча эмне дей аласыз?
– Айсулуу Дүйшөнкулованы тааныбайм да, көргөн да эмесмин. Мен башында эле Камчыбек Ташиевдин басып алуусун колдобогом. Анын үстүнө сентябрдан кийин аны менен жолуккан эмесмин. Бийликте турганымда да «Кумтөрдү» улутташтырууга каршы чыкканмын.

– Сиз жетектеп турган Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
– Сегиз айлык ишибиздин жыйынтыгын парламент угушу керек болчу. Бирок коалиция ыдырап кетип, кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга мажбур болдум. Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт келери менен «бюджетте акча жок» деп туруп, кыскартуу жолуна түштү. Эгерде айтар сөзү, жасай турган иш планы ушул болсо, мени тынч эле коюшпайт беле? Жылдын аягына чейин иштемекпиз, бюджетти аткардыкпы, жокпу, ошого карата отчёт тапшырмакпыз. Анан берилген иш колубуздан келбесе, анда кызматтан да кетмекпиз.
Бүгүнкү өкмөт буга чейинки программаларды токтотуп койду, өзүндө да реформа деген сөзү жок болуп жатат. 6 ай унчукпай отурдум, анткени ар бир жаңы келген адамга белгилүү бир убакыт берилет. Азыр баа берүү мезгили келип жетти.

– Сизди өлкөдөгү эң бай адамдардын бири деп билишет, бирок эмне үчүн мүлк декларациясы боюнча жардысыз?
– Акаев, Бакиевдин заманында бизнести тартып алуу күчөп кеткен. Саясатта жүргөн кезимде бизнесимди тартып алышкан, бүгүн деле ошондой аракеттер орун алууда. Мына ошондон коркуп, байлыгымдын баарын туугандарыма жаздыргам. Мыйзамга ылайык, декларацияга туугандарымдын мүлкүн кошо жаза албайт экем.
Мен бай эмесмин деп бир да жолу айткан эмесмин. Мал-мүлкүмдү бизнестин аркасы менен тапкам. Арабызда айрым аткаминерлер жүрбөйбү, өмүрүндө бир да күн бизнес менен алектенбей, бирок кымбат баалуу машина минип, көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат. Алар үчүн саясат бизнес болуп калган. Ушунун өзү чоң трагедия.

– Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунда «карусель» окуясы менен кармалган Наргиза Ажибаева боюнча кандай комментарий бере аласыз?
– Наргиза УКМК менен иштешип жүргөнүн мойнуна алган, анын жанындагы курбусун да ошолор жөнөткөн. Шайлоодо «Республика» партиясын жамандоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөнүн да Наргиза ачык айткан. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп, жакында сотко өткөнү жатат.

– Жогорку Кеңешке карата сын-пикирлер курчуп барат, парламентаризм акыркы үч жылда өзүн актай алдыбы?
– Аралашма Конституциялардын айынан Кыргызстан оңоло албай жатат. Бүгүнкү парламенттик-президенттик башкаруудан биз толук кандуу президенттик формага өтүшүбүз керек. Ошондо президент өзү жооптуу болот. Сентябрь айына чейин жаңы Баш мыйзамды жазып, аны парламент талкуулап, кийин ал Конституцияны кабыл алышыбыз зарыл.
Ошондой эле азыркы Жогорку Кеңешти эки палаталуу парламент кылып, Шайлоо кодексине да олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

– «Республиканын» ичинде орун алган бөлүнүп-жарылуулар канчалык таасирин тийгизүүдө?
– Мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ойлойм, эгерде өйдө-төмөн окуялар болуп жатса, демек, «Республика» партиясы токтоп калбай, тирүү организм сыяктуу жашоосун улантууда. Кезинде КСДПда Атамбаев, «Ата Мекенде» Текебаев менен Шерден башка адам калган эмес. Жакын арада биздин партия да тазаланат, анткени кээ бири оппозицияда жүрүүгө чыдабай жатат.
Канат Исаев боюнча айтсам, ал «Республикадан» чыгарылган. Жаш бала өз саясий тагдырына балта чаап алды. Ага салыштырмалуу Бакыт Төрөбаев бизди саткан жок. «Өзүмчө партия менен чыгам» деп келди. Бирок шайлоодо биз партия болуп чыкканбыз, эл алдында партиянын атынан сөз бергенбиз, анан эле депутат болуп алышкандан кийин өз-өзүнчө топторго бөлүнүп кетишкени туура эмес.

– Өкмөттөн кетүүгө себепкер болгон аргымактын абалы учурда кандай?
– Башкы прокуратурадан тиешелүү кагаз алгам, буга чейин айтылган маалыматтар жалган болуп чыккан. Мен аргымакты сатып алгам. Учурда байгелерге чабылып жатат. Ат чабыштар токтогондон кийин бул атты өкмөткө белек кылып берем.

Эльвира Караева
Адилет Бектуров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
kojojaw
2013-03-11 18:28:17
jaraisyn!!!
+1
N.Bakazova
2013-03-14 17:34:39
Кыргыз парламентинде иштин козун билген саналуу гана саясатчылар бар. Ошолордун катарынан Бабановго орун берет элем. Текебаев Бабановдун жаныдан бучур алып баштаган багынын гулун куубой турса, балким алгылыктуу тушум болмоктур.. . . .
+1
Emine
2013-03-15 00:26:48
сыймыктана турган адамда.
+1
aibek_8989
2013-03-15 17:00:09
Бабановтун жакшы жумуштарын эл билип коруп эле турду. Бирок кимдир бироолор аны коро алышкан жокда
+1
alibai
2013-03-17 18:55:45
Менимче кыргыз саясатчыларынын,турмушка адекваттуу караган саясатчыларынын бири,келечекте ушул темп менен барса жакшы эле болот болуш керек.
+1
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан