Гречканын мекени – Индия. Бул азыкты эң көп өлчөмдө экспорттоочу өлкө – Кытай (1 жылда 61 миң тонна), ал эми эң көп импорттоочу өлкө – Япония (1 жылда 70 миң тонна).
Керектүү заттардын кампасы болгон гречка даны темир, кальций, калий, фосфор, йод, цинк, фтор, молибден, кобальт жана ошондой эле В1, В2, В9, PP, Е витаминдерине бай. Курамында крахмал, белок, кант, органикалык кычкылдар жана тиамин бар. Башка дандарга салыштырмалуу гречканын организмге сиңимдүүлүгү жогору.
ДЕН СООЛУК САКЧЫСЫ
ГРЕЧКАДАН КОТЛЕТ
Керектелүүчү азыктар:
Гречка – 400-500 грамм
Жумуртка – 1 даана
Пияз – 1 даана
Сарымсак – 1 чоң тишче
Майонез – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 200-300 грамм
Кургатылган нан – 3-4 кесим (көөлөтүү үчүн)
Туз, калемпир, кара мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Гречканы сууга жакшылап бышырып алуу зарыл.
2. Ага майда тууралган пияз, жанчылган сарымсак, жумуртка жана майонез кошуп аралаштыруу керек.
3. Кезек кургатылган нанды майда күкүмгө айлантууга келет.
4. Даяр болгон боткону алаканга салып тоголоктоп, кургатылган нан күкүмүнө оонатабыз.
5. Эми кызытылган майга салып, эки бетин кызарганча бышырабыз. Даяр болгон котлеттерди шорпо менен берсе туура.
ГРЕЧКА ДИЕТАСЫ (АРЫКТОО ҮЧҮН)
Түндө жатар алдында 6 аш кашык гречканы тазалап, ысык сууга жууп, анан 400 грамм (1 стакан) айранга чылап коюңуз. Жибип калган данды эртеси бир нече ирет тамак ордуна колдонуп, суусундук ордуна 1,5-2 литр газдалбаган суу ичүү керек. Бул диетаны 3-4 күндөн ашык кармоого болбойт. Бир жылда 4-5 жолу кайталоого мүмкүн.
КУРГАК БЕТ ҮЧҮН МАСКА
2-3 аш кашык гречка унун өсүмдүк майы менен аралаштырып ботко жасап алабыз. Аны таза териге жаап, 5-10 мүнөт кармоо керек. Андан соң бетти жылуу суу менен жууп коюңуз. Бул маска терини керектүү витаминдер менен азыктандырат.
Майлуу бет үчүн маска
Жогорудагы ыкмадай даярдалат, бирок майдын ордуна айран кошулат.
СУЮК, АЛСЫЗ ЧАЧКА МАСКА
1 даана жумурткага 4-5 аш кашык гречка унун жана бир аз лимон ширесин кошуп маска даярдап алуу кажет. Аны ным чачка тегиз сүйкөп, 30 мүнөт целлофан менен байлап кармоо керек. Андан соң шампундап жуу керектелет.
КЫЗЫКТУУ
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg