СПОРТ ОЛИМПИНЕН ТҮШКӨНДӨ...

Атактуулук – оңбогон акча, талант, атактуулук жана орунсуз жоруктар. Эл сен жөнүндө баарын билет. Күйөрмандар менен журналисттер көлөкөдөй ээрчийт. Анткен менен башталган нерсе бүтөт эмеспи, «жерге түшүп», катардагы адамдай жашачу күн келет. Төмөнкү атактуу спортчулардын пьедесталдан түшкөндөн кийинки жашоолору жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

ТАЙСОН БАҢГИЗАТЫ МЕНЕН АЛАКСЫГАН...
Майк Тайсон 1985-жылы профессионалдык бокско аралашып, алгачкы 15 беттешинин баарында нокаут менен жеңип чыккан. Супер оор салмакта WBC, WBA, IBF, The Ring версияларын утуп, абсолюттук чемпион аталган.
М.Тайсон: «Мен боксту «өлтүр же сени өлтүрөт» деген орой мыйзамы үчүн сүйгөм, сүйөм».
2005-жылы 11-июнда ирландиялык Кевин Макбрайдга утулуп, карьерасын аяктаган.
Тайсон мээлейлерин мыкка илген соң акча үчүн көргөзмө мушташтарга чыга баштаганын айтышкан. Ошондой эле атактуулуктан, абройдон башы айланып эмес, боксто катар-катар жеңилгенин жана жашоонун шар агымында акча маселесин бир саамга унутуу үчүн баңгизатын колдонгонун спортчу моюнга алат. Чоң бокстон кеткенине 2 жыл болгондо баңгизатынын таасиринен 150 килограммга чейин толуп кеткен. 2009-жылы 40 килограммга арыктап, баңги жана өздүгүн аныктаган документтерине байланышкан чырларын чечти. Кийинчерээк ислам динине сүңгүп кирип, мурункудай албуут мүнөзүн, "кулак тиштегич" карьерасын токтоткону маалым.

Каныбек Осмоналиев, "Москва-1980" Олимпиадасынын чемпиону:"7 ЖЫЛ ЖУМУШСУЗ ЖҮРГӨМ"
Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугун 4 ирет, Европа чемпиондугун 2 ирет жана «Москва-1980» Олимпиадасынын алтын медалын уткан соң эбегейсиз атактуулукка жетишкен.
К.Осмоналиев: «Жеңиштин, чемпиондуктун таттуулугун сезип турган маалда анын бир күнү аяктаарын да ойлош керек».
1983-жылы Москвада өткөн Бүткүл СССР элдеринин спартакиадасында 3-орунду алуу менен карьерасына чекит койгон.
– Спорт менен машыгып, жашоо үчүн күрөшүп жүрүп эле бир күнү атым бүткүл СССРге дүң дей түштү. Машыгууга баратканда мени менен учурашкан элдин көптүгүнөн машыгууга кечигип барчумун. Карьерам бүткөндөн кийин 7 жыл жумушу жок калдым. Мени бир кезде тегеректегендер бат эле жок болуп кетишти. Бирок атамдан эрте калып, жетим өскөндүгүм үчүн андай жагдайга даяр болчумун. Мен акча, жогорку иш орду эмес, эмгекти сүйгөм. Олимпиада чемпионумун деп намыстанып уялбай эле ун, как саттым, мал бактым. Кара жумуштарда иштедим. Бул учурду мыкты спортчу да туура эмес кабылдап, чалынып калышы мүмкүн. Бул кырдаалдан ар бир адамды жашоого көз карашы, даярдыгы, өзүн тарбиялай билгендиги сууруп чыгат. Ата-эне баланы балык жегенге эмес, аны суудан чыгаруу жана кантип кармоого үйрөтүш керек...

УЛУУ ДАРАЖАЛУУ АЛИ ООРУНУН ТУТКУНУ БОЛГОН...
Мухаммед Али 1964-жылы Сонни Листондон чемпиондук курду тартып алганда атактуу болуп чыга келген. Кийин супер оор салмакта WBС, WBA версиялары боюнча бир нече ирет Дүйнө чемпиону аталган.
М.Али: «Мен боксто кыйналдым, кыйналдым жана да кыйналдым. Болду, мен 25 жыл мушташкан боксту таштайм. Бул кишини өзгөртөт. Жаңы жашоо баштоо мезгили келди. Мен муну сезип турам...»
1981-жылы 11-декабрда канадалык мушкер Тревор Бербиктен утулуп, карьерасын аяктаган.
Түшкө киргис атактуулук менен 15 жыл достошкон Кассиус Клэй (өзүнүн аты) карьерасы бүтөр замат оңбогон Паркинсон оорусу (калтырак оорусу) менен алпуруша баштаган. Жубайы Лонни менен Мичигандагы фермасында 1996-жылга чейин коомчулуктун көңүлүн имерүүгө да дарманы жок жашаган. "Атланта-1996" Олимпиадасында ага Олимпиада оюндарынын отун тутандыруу сунушу түшүп, өзү кыйналуу менен сүйлөсө да, бул кызматты ийгиликтүү аткарган. Улуу мушкерди активдүү жашоого алып келген учур ушул болгон. Ушул күндөн баштап Али чакан бизнесин чуркатып, коомго аралаша баштаган.

ПЕЛЕ МАРАДОНА МЕНЕН АТААНДАШЫП...
Пеле 1958-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Бразилияны чемпиондукка жеткирген. Кийин футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун 3 ирет уткан тарыхтагы жалгыз футболчуга айланган.
Пеле: «Пеле менен Марадонанын кимиси мыкты? Силер ким оң буту жана башы менен ойногонун билсеңер, бул суроонун жообун да билесиңер».
1977-жылы 1-октябрда «Космос», «Сантос» клубдарынын жолдоштук оюну менен карьерасын жыйынтыктаган.
Пеле футболдон кеткен күндөн тарта Марадонаны оозунан түшүрө элек. Анткени анын сөзүнүн көбү аргентиналык легендарлуу Диего Марадона экөөнүн кимиси мыкты дегенге барып такалат. «Футболдун падышасымын» деген сөз менен өзүн тынчытканы менен, Марадона экөөнүн ортосундагы «топсуз» күрөш ММКларда ушул күнгө чейин уланып келет.

МАЙКЛ ЖОРДАН БААРЫН БИЛГЕН
Майкл Жордан "Лос-Анжелес-1984" Олимпиадасында АКШ курама командасынын лидери катары саамалыктын мыкты оюнчусу болуп табылган. Кийин НБАнын 6 жолку чемпиону (1991-1998-жылдар аралыгында) аталган.
М.Жордан: «Мен күн сайын жеңилүүгө чыдап келем. Мен ошол үчүн чемпионмун!»
2003-жылы 11-апрелде «Жылдыздардын оюнунда» ойноп, карьерасын жыйыштырган.
Майкл Жордан карьерасы аяктаган соң эмне кыларын, качан, кайдан кантип орун табарын билген. Ошондой эле баскетболдон кеткенден кийин өзүн өзгөрүүгө даярдаган. Себеп дегенде, ал 3 ирет "карьерамды бүтүрдүм" деп айтып, маал-маалы менен баскетболго кайтып келген. Мурунку ээлеген баскетбол операциялары боюнча директорлук кызматына кайра отура албаса да, кайрымдуулук оюндарда гольф ойноп, анда-санда кумар оюндарын ойноп жүргөнү айтылып жүрөт. Кызыгы, азыр Майкл өзүнүн ысымын колдонуп бизнес ачып, баскетболдук клуб сатып алса да, коомунда жар салчу иш аткара элек. Дүйнөдөн, мурункудай атактуулуктан бейкапар жүргөн кези. Аны издеген папараццичилердин, журналисттердин саны да суюлуп, бейпил жашоодо ордун тапты окшойт.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Bren2
2013-03-11 12:08:43
Жигит тоо мингенде тегеректеп эл журот, жигит жоо жургондо тегеректеп эл кулот деп бекеринен айтылбаса керек. Спортчу эмес катардагы адамдын башына да келе тургапн иш бул. Андыктан ар бир нерсеге адам озун даярдап жургону он.
+4
MMA_1
2013-03-14 21:27:02
Канибек Осмоналиев эн жакшы создорду айтыптыр... Азыр мамлекет жардам корсотор болду бекен?
+1
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан