УЮЛДУК БАЙЛАНЫШ КАНЧАЛЫК КЫМБАТТАДЫ?

Технологиянын өнүккөн заманында 1-класска барган окуучудан тарта карыган чоң ата, чоң энелерибизге чейин уюлдук телефонсуз жашоону элестете албай калдык. Алысты жакын кылган бул керектөөнүн салмагы күндөн күнгө ашып барат. Чөнтөк телефон жаңыдан чыкканда, бирөөсүнө жетпей жүрсөк, азыр бир адамдын экиден телефону же экиден симкасы бар. Мындан улам абоненттердин саны элдин санынан да көп болуп калды.

БАКИЕВДИН 60 ТЫЙЫНЫ ЭЛДИН ЭСИНДЕ
1-марттан баштап уюлдук операторлор үчүн сатыктан түшкөн кирешеге 5 пайыздык салык салган мыйзам күчүнө кирди. Ага байланыштуу айрым уюлдук операторлор элден салык чогулта баштады, уюлдук байланыштын баасын көтөрүү жолу менен.
Эске салсак, буга чейин экс-президент Курманбек Бакиевдин режимин кулатууга бирден бир себепкер ушул байланыш баасынын кымбатташы болду эле. Анда себепсиз эле сүйлөшүүдөн тышкары ар бир чалууга 60 тыйындан тариф киргизилген. Жапырт нааразычылык жараткан бул окуя Апрель ыңкылабынын келип чыгуусуна чоң түрткү берген. Салыктын бул өзгөчө түрүнөн ошол учурдун бийлиги кыска убакыт ичинде 360 миллион сом пайда тапкан болчу.
«Учурда Кыргызстанда уюлдук абоненттердин саны 6,5 миллиондон ашты» деген жоромолдор бар. Өткөн жылдын май айында Экономика жана өнөр жай министри Темир Cариевдин тобу эстен чыгып бараткан уюлдук байланыштын чырын мыйзам долбоор иретинде демилгелеп чыккан. Министрлик өлкө бюджетин толтуруу максатында кирешеси арбын компанияларга салык төлөмүн жогорулатууну көтөргөн. Аны депутаттар ары калчап, бери калчап, акыры кабыл алып, ага президент жаңы жыл алдында кол койгон.

КИРЕШЕСИ АРБЫН УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУН САЛЫГЫ КАНЧА?
Кыргызстанда азыр 8 уюлдук компания бар болгону менен, «Мегаком», «Билайн» жана «О!» компанияларынын бул тармактагы үлүшү дээрлик 95 пайыз. Расмий маалыматтар боюнча, «Альфа телеком» ("Мегаком") компаниясынын жылдык кирешеси 7 миллиард сомдон, «Sky Mobile» ("Билайн") ишканасыныкы 6 миллиард сомдон ашуун. Ал эми "Кател" уюлдук операторунун бир жылдык кирешеси 29 миллион сом. Алардын мамлекет бюджетине төккөн салыгы да чоң. Мисалы, жалпы жонунан өткөн жылы уюлдук операторлор мамлекетке 1 миллиард 662 миллион 558 миң сом салык төлөшкөн. Мындан сырткары өкмөт 546 миллион сомду алардын тапкан кирешесинен алмакчы болуп турат. Ал эми роуминг боюнча кошумча нарк салыгынын киргизилиши менен бул тармактагы бардык компаниялар биригип 25 миллион сом кошумча төлөшү мүмкүн экендиги айтылган.
Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда ар бир абонент уюлдук байланыш үчүн айына орточо эсеп менен 200 сомдой коротот.

КОҢШУЛАРДА АБАЛ КАНДАЙ?
Жалпы чөлкөмдү алганда Кыргызстанда уюлдук байланыштын баасы орточо. Мисалы, Өзбекстанга, Түркмөнстанга караганда арзан. КМШнын ичинде эң кымбат баа Казакстанда, өлкөнү, негизинен, «K-Cell», «K-Mobile» компаниялары тейлейт. Аларда түйүн ичинде чалуулар акысыз, башка операторлорго чалуу 12 сом 50 тыйынды
түзөт.
КМШ өлкөлөрүндө эң арзан байланыш Украинада. Өлкөдө байланыш 1 сомдун тегерегинде. Өзбек элинде да чөнтөк телефонунда баарлашуу кымбатка түшөт, 2013-жылдын башынан тарта аларда уюлдук байланыш баасы кымбаттаган.
Акыркы он жыл ичинде Кыргызстандагы уюлдук байланыш тармагынын өсүшү 88 пайызды түзгөн. Бул тууралуу Эл аралык электр байланыштары биримдигинин башкы катчысы Туре Хамадун 2012-жылы август айында билдирген. Анын айтуусунда, бул көрсөткүч КМШ өлкөлөрү боюнча эң алдыңкы орунда.
Ошондой эле өлкө ичинде чөнтөк телефондон интернетке киргендердин саны акыркы кезде көбөйүүдө. Китепти эмес, агентти окуган окуучулар менен студенттер бул компаниялардын дагы бир киреше булагы. Уюлдук операторлор мындай мүмкүнчүлүктү коё бербей, анын арты менен өз кардарларын көбөйтүүгө далалат кылууда.
Боордош Казакстанда уюлдук телефондон интернетке кирүү Орусияга салыштырмалуу эки эсе, Беларустан беш эсе кымбат.

ЭКСПЕРТТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Көз карандысыз экономикалык эксперттердин пикиринде, өкмөттүн жеке секторлорго карата мыйзамды улам өзгөртө бергени туура эмес.

Эксперт УЛУК КЫДЫРОВ:
– Баштан эле айтылып келгендей, бул карапайым элдин гана чөнтөгүнө зыян. Азыр алардын кирешесине салык салуунун мезгили эмес болчу, бул туура эмес саясат. Уюлдук операторлор ишти жаңы баштаганда 1 мыйзам менен иштеген, анан алардын кирешеси көбөйгөндө өкмөт аларга салык салып, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизе баштады.

Экономика боюнча эксперт, ЖУМАКАДЫР АКЕНЕЕВ:
– Мен бул салыкка каршымын, 5 пайыз эмес, 1 пайыз да салык салынбашы керек. Бул туура эмес мыйзам болуп калган. Мамлекет жеке секторго шарт түзүп берүү керек. Аларга салык салуу менен өлкөдө көмүскө экономика күчөйт. Бул элдин толкундоосуна алып келиши мүмкүн.

АЛЛО, ОПЕРАТОР, ЖООП БЕРИҢИЗЧИ...
Бул мыйзамга байланыштуу компаниялар уюлдук байланыш баасын көтөрдүбү деп аларга чалып көрдүк. Демилгечилер «компаниялар менен келишим түздүк, баа көтөрүлбөйт» деген менен, 2 миллиондон ашуун абоненти бар «Билайн» кымбаттоо кадамына барганын билдирди.

– Салык кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, сиздердин компания абоненттерге байланыш баасын көтөрдүбү?

«Билайн» компаниясынын оператору:
– Аталган мыйзамга ылайык, биздин компания бааны көтөрдү. Бирок мындан коркпосоңуздар болот, анткени ал 5 тыйын гана кымбаттады. Мисалы, мурда сиз «Укмуш +» тарифинде түйүн ичинде 1 сомдон сүйлөшсөңүз, эми 1 сом 5 тыйындан сүйлөшүп каласыз,- деп жооп берди.

«О!» жана «Мегаком» компаниясынын операторлору:
– Жок, бизде баа кымбаттаган жок. Мурда кандай баада болсо, эми да ошондой кала берет. Сатыктан түшкөн кирешеге 2 пайыз салык төлөчүбүз, эми 5 пайыз төлөй баштайбыз. Бирок ага карабай баалар өзгөрүүсүз калат,- дешти.

Кыргызстанда биринчи уюлдук оператор "Кател" 1994-жылы иштей баштаса, 1998-жылы "Бител" уюлдук оператору катталган. Ал эми уюлдук байланыштын жалпы байланыш кызматындагы үлүшү 72 пайызды түзөт. 2010-жылы кыргызстандыктар уюлдук байланыш үчүн 12 миллиард сом короткон.

БУЛ БАГЫТТА ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮНҮН ОЮ ТӨМӨНКҮЧӨ БОЛДУ:
«1-марттан баштап уюлдук байланыштын баасы кымбаттайт» деп чыгышты. Сатуудан түшкөн кирешеге салыкты 5 пайызга көтөрүүнү киргизүүдө "уюлдук операторлорго байланыш кызматын кымбаттатпоо талабы коюлат" деп парламентте сөз болду беле?

НАЗАРАЛИ АРИПОВ,ЖКнын депутаты:
– Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр декабрда кабыл алынган мыйзамга ылайык, өлкөдө бир дагы уюлдук оператор байланыш кызматына болгон бааны көтөрбөшү керек. Мурунку бийликтин убагында болгон жагымсыз көрүнүш кайра кайталанбашы зарыл. Менимче, баа көтөрүлөт деген туура эмес, мыйзамга баш ийген уюлдук компаниялар андайга жол бербейт.

 


КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ, ЖКнын депутаты:
– Уюлдук байланыштагы баалардын кымбатташы тууралуу кабарды уга элек болчумун. Бул нерсени токтотуунун эки гана жолу бар. Биринчиси, атаандаштыкты күчөтүү, экинчиси, монополияга каршы мыйзамдын чегинде. Бул мыйзамдын чегинде бааны кымбаттатпоого сөз беребиз.

 

 

УЛУКБЕК КОЧКОРОВ, ЖКнын депутаты:
– Баанын көтөрүлгөнүн билбептирмин. Бул долбоорду өкмөт демилгелеген болчу, бюджеттин тартыштыгы 17 миллиардга чукулдап турган учурда аз да болсо жабат дешкенинен колдоп бергенбиз. «Уюлдук операторлор менен меморандумга кол койдук, келишимдерибиз бар, баа көтөрүлбөйт» дешкен. Эгерде бааны көтөргөн болсо, туура эмес. Негизи, ушул мыйзам боюнча, сатыктан түшкөн кирешеге салык боюнча дагы бир маселе чыгып жатат. Бул мыйзамды дагы карайт окшойбуз.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
SHATY
2013-03-11 14:37:17
"Мен укпаптырмын, туура эмес мыйзам бул" дешетго эл окулдору!!!
0
kuba1985
2013-03-11 23:05:28
кымбаттай элек ушул эле калды эле
+1
antariya
2013-03-12 00:15:10
Ушуну тим эле койсонор болмок. Оз чонтогунорду ойлобой, элди дагы ойлоп койсонор боло. Ансыз деле элди тоноп бутушту го
+1
maksimus
2013-03-12 10:46:48
Мыйзамды карайбыз. Вообще то билбейт экенбиз го бул мыйзамды . бул эмне аииий.
Байкуш депутаттарыбыз.
0
SatiNur
2013-03-12 12:33:59
которулгону чын 1-марттан баштап билайндын абоненттери байкаган копчулугу эле.
0
altinim
2013-03-13 00:52:10
м чала болуптур, ким жакшы алмаз жакшы ким патриот текенин баласы патриот мына эми коробуз булардын кыйратканын тимле бутун жерге койбой макташат


+1
Stalker-007
2013-03-13 12:19:46
Кымбаттаган жок бул оппозициянын элдин башын айландырып чыгарып жаткан уткалары.
-1
kaRa-4aPan
2013-03-15 17:14:33
Stalker-007, Бироо осуруп койсо дагы оппозиция дейсинби?
+1
temi
2013-03-16 16:54:37
ошода ))) 007) жаман уйронуп алдынар ээ ким кетсе еле же опозицияда жургондордун куноосун тогуп)
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан