«Ырчылык менин кесибим болгондуктан, бул ишти жан дилим менен аткарышым керек. Азырынча эл эсинде калчу чыгармаларды жаратпасам да, келечекте талантымды далилдеп, атым эл артисти катары тарыхта калышын каалайм»деген аруу тилеги менен бөлүштү бүгүнкү маектешим. Ырчы Данияр Эрматов «Токто, жаным», «Аярым»деген ыр-клиптери менен жаштардын купулуна толуп, күн санап популярдуулугу арта баштаган кез.
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы
Туулган жылы – 1989-жыл, 1-февраль
Бою – 175 см
Салмагы – 66 кг
Кумири – Атасы
Фобиясы – Жер титирөө
Учурда – Оштогу Кыргыз-Кытай гуманитардык институтунун бажы бөлүмүндө окуйт
– Данияр, кандайсың? Чыгармачылыкта эмне жаңылык?
– Жакшы. Эң башкы жаңылыгым, жакында эле «Сагындым»деген аталыштагы алгачкы ыр жыйнагым жарык көрдү. Дал ушундай аталыштагы ырым мени элге таанытып, хит ырлардын катарын толуктай алган десем болот. Жыйнакта элге тартуулана элек да чыгармалар орун алган.
– А жеке жашоодочу? Мындан бир жыл мурун бизге берген маегиңде «жүрөгүм бош, жаз менен кошо сүйүүнүн келишин күтүп жүрөм»деген элең...
– Тилекке каршы, ал көктөм мага махабат тартуулай албады. «Сага эрте»деди окшойт (күлүп). Дагы деле сүйүүмдү издөөдөмүн. Кээ бири ойлошу мүмкүн, «Данияр күйөрмандарын жоготуп албаш үчүн сүйлөшкөн кызын жашырып жатат»деп. Андай эмес, болсо бар деп эле айтмакмын. Күйөрман деген ырчыны эмес, анын чыгармаларын сүйүшү керек.
– Аз убакытта көп күйөрман топтой алдым деп ойлойсуңбу?
– Сахнанын босогосун жаңы аттаган учурга салыштырмалуу азыр күйөрмандар жакшы эле көбөйүп калды. Мисалы, көчөдөн өтүп баратканда таанып, же болбосо ырдап чыкканда кыйкырык-сүрөөнгө алып колдогондор болот. Эми укмуш популярдуу болуп кеткен жокмун, чынында. Бирок чыгармаларымды сүйүп уккан белгилүү бир чөйрө бар экенин билем.
– Ырчы жигит кимдердин чыгармаларын сүйүп угат болду экен?
– Менин оюмча, ар бир ырчынын жакшы да, жаман да ыры болот. Мисалы, Гүлнур Сатылганова менен Рыспай Абдыкадыровдун кайсы бир чыгармаларын жактырып уксам, кай бирлери табитиме туура келбеши мүмкүн. Ал эми чет элдик ырчылардан Энрике Иглесиастын чыгармачылыгын баалайм, ырларын угуп, интернеттен концерттерин көрүп турам.
– Иглесиас демекчи, «Сага»деген клибиңдин ушул ырчынын «Do you know?»деген ырынын клибине окшоштук жайы бар. Дегеле плагиат ыр-клиптерге көз карашың кандай?
– Аталган клиптин идеясы клипмейкер Эрнист Сыдыковго таандык. Ал сценарийди өзү жаздыбы же ошол клиптен алдыбы, ким билсин? Албетте, чыгармачыл адам идеяга бай болушу кажет. Ошондуктан ар кимдин эмгегин уурдабай, жеке өзгөчөлүккө ээ болушу керек. Плагиатты «алма, быш, оозума түш»деп отура берген жалкоолордун жоругу деп түшүнөм.
– Кино тармагына аралашып, продюсерлик кылып да жүрөсүң...
– Досторумдун кеңеши менен «Салам, Бишкек!»аттуу тасмага продюсерлик кылдым. Көптөгөн сындар менен катар оң пикирлер да айтылды. Эң негизгиси, эмгегибиз акталып, кеткен чыгым эки эселеп кайтты. Бул да менин көптөн бери ойлоп, бирок ишке ашпай келген тилектеримдин бири болчу. Эми аталган тасманын экинчи бөлүгүн тарталы деп ниеттенип турабыз. Келечекте кыргыз киносун өнүктүрүүгө салымымды кошсом дейм.
– Продюсерлик кылуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бул үчүн капчыгы калың болуш керек дегендей...
– Жалгыз эмес, досум менен чогуу тарткам, каражаттын жарымын ал, жарымын мен чыгарып. Жеке бизнесим жок. Кино тартууга ырчылыктан түшкөн акча эле жетиштүү болду.
– Чыныгы таланттуулар өмүр бою элдин эсинде калат эмеспи. А сенин сахнадагы өмүрүң узун болоруна ишенесиңби?
– Жашмын. Ырларым да ошол жаш баланын деңгээлинде. Ошондуктан азыркы ырларым элдин эсинде калбашы мүмкүн. Бирок мезгилдин өтүшү менен олуттуу ырларга басым жасай баштайт эмеспизби, мына ошондо муундан муунга өтчү шедеврлер жаралат деп ишенем. Өчүп калуудан бир чети корксом, бир чети уялам. Андыктан ырчылыктын кайыгына түштүмбү, жээкке сүрүлүп калбашым керек.
– Продюсерсиз, өз алдынча чыгуу колдон келбейби?
– Башында өзүм продюсер менен иштеген ырчыларга таң калчумун, «өзүнүн колунан келбейби? Аны менен тил табышабы, жокпу?»деп. Кийин концерт берүүнүн түйшүгү, сахнадагы форма, күйөрмандар менен жолугушуу деген көйгөйлөргө туш болуп, күнүмдүк режимди түзө албай кыйналганда бул ойдон кайтып, продюсерге кайрылууга аргасыз болдум. Азыр Канат Кадыржан менен иштешип жүрөм. «Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы» дегенге эми ынандым.
– Пикир келишпестиктер болбой элеби?
– Бизде кагаз түрүндөгү келишим бар. Эки тарап андагы өзүбүзгө тиешелүү талаптарды толугу менен аткарабыз. Ошондуктан кайчы ойлор жаралбайт.
– «Футболго кызыкпаган эркек – эркек эмес»дегенге кандай карайсың?
– Мм, буга кошулбайм. Мен, мисалы, дайыма футбол ойноп турам, бирок бир дагы футболчу, футболдук команда жөнүндө маалыматым жок. Таймаштарды да жата калып көрчүлөрдөн эмесмин.
– Бирөөгө таарынсаң бат эле жазыласыңбы же көгөрүп туруп алмайың барбы?
– Эгер бирөөгө капа болсом, «бул эмне кылганың?»деп бетине эле айтып, мындай жоругунун себебин сурайм. Түшүндүргөндөн кийин кайра эле күлүп сүйлөшүп калам. Көк эмесмин.
– Сени мактанчаак бала деп угабыз, чын эле ошондойбу?
– Жок, андай эмес. Бул мени көрө албаган досторумдун эле айтканы болсо керек.
– «Көрө албас достор» дегенди кандай түшүнсө болот?
– Аттарын атабай эле коёюн, бирок чыгармачылыкта дос деп аталгандардын ичинен бут тоскондор четтен чыгат. Ошон үчүн жоро-жолдош күтүүдө алды-артыңды карай жүрүшүң керек экен.
– «Чыныгы эркек карышкырдай. Жалгыз же өмүр бою бир гана түгөй менен»деген кеп бар. Сага мындай сапат мүнөздүүбү же ар кайсы «юбканын»артынан ээрчигендерге киресиңби?
– Кийинчерээк токтолормун, бирок азыр, чынын айтсам, кыз жандуумун. Кызды сөзсүз бутунан башына чейин карап, аябай сынайм. Сулуу бийкечти көрдүмбү, дароо көзүм токтоп, таанышуунун амалын издей баштайм. Эгер баш тартса, тынчын албай эле акырын артынан чуркап жүрүп, акыры ал кыз меники болот.
– Ошондо өзүңдү кыздардын жүрөгүн бат багынтып алчу жигиттердин катарына кошосуңбу?
– Антип мактангым келбейт. Бирок кызды өзүмө багынтып алып жаткан соң сурооңузда кандайдыр бир деңгээлде чындык бар.
– Идеалдуу адам жок. Кандай учурларда өзүңө нааразы болосуң?
– Бирөөгө убада берип, көп учурда аткара албай калам. Ооба, бул нерсе шартка байланыштуу болуп калат деңизчи, бирок бул адаттан такыр арыла албай койдум.
Асел Асанова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg