ИСА ӨМҮРКУЛОВ ЖАЗДЫН КУРМАНДЫГЫ БОЛОБУ?

«РЕСПУБЛИКА»ОЙГОНДУ
Экс-премьер Өмүрбек Бабанов бийликтен кеткенден 6 айдан кийин баш көтөрүп, «чү» дегенде эле журналисттер коомчулугун чогултту. Бул күндөрү «республикачы»депутаттардын эбегейсиз жардамы менен кеңири журтка таанымал боло түшкөн Абдулла Юсуповду Аламүдүн райондук соту 16 жылга эркинен ажыратты. Ушундай эле жаза мөөнөтү аталган «каармандын»шериктери Дастан Оморов менен Азамат Шергазиевге чыгарылып, ал эми ИИМдин 9-бөлүмүнүн экс-начальниги Абдували Акжоловго 13 жылдык өкүм уктурулду. Алар 2010-жылы Апрель окуясындагы талап-тоноочулукка, «Манас»аэропортунун кызматкеринен 7,5 миллион сомду уурдап алууга жана мурдагы муфтий Мураталы ажы Жумановдон акча талап кылгандыгына байланыштуу айыпталышкан.
Өмүрбек Бабанов бизге берген маегинде оппозициянын жаздагы активдүү аракеттерине кошулбай турганын, бийлик менен күрөшкүсү келсе, ачык-айкын күрөшө турганын айтты. Бирок Ташиевге, Отунбаевага, мүлк декларациясында жарды болуп чыга келгенине байланыштуу каптаган аңыздардын жөө туманын тарата алган жок. Бул күндөрү оппозициялык блок жанданып, өлкөнүн туш тарабында митингдер башталып, Бишкектин мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү.

ЧАБУУЛДУ БИШКЕК МЭРИЯСЫНАН БАШТАШАБЫ?
Бишкек шаардык кеңеши 11-мартка белгиленген кезексиз жыйынында мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө вотумун талкууга алары маалымдалды. Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкуловдун айтымында, мындай демилгени «Республика»фракциясы алып чыккан.
Иса Өмүркулов: «Ишеним көрсөтпөөнүн негизги себептери болуш керек. Көйгөйлөр өтө көп, мунун баары жылдар бою чогулуп келген. Мага ишеним көрсөтпөөгө негиз жок. Моюнга коё турган айыбым болсо, мен деле бул орунга жабышып албайм»,- деди.
Саясий оюндарды негиз кылган Өмүркуловдун пикири боюнча, «Республиканын»мындай кадамга баруусуна шаардык кеңештин шайлоосунан кийинки ызасы түрткү болууда. Айтмакчы, шайлоодо «карусель»уюштурууга айыпталып жаткан Наргиза Ажибаеванын соту 19-мартта башталат.
Апрель окуясынан кийин Бишкектин башчылыгына келген Иса мырза соңку 3 жылда шаардыктардын мактоосуна караганда сынына көп кабылды. Адатта, борбордун мэрлигин мээлегендер бул кызматты трамплин катары көрүшүп, саясий аброй алып келүү мүмкүнчүлүгүн жогору деп билишет. Ал эми акыркы учурда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин шаар башчысына карата айтылган сындарын, коомчулукта Өмүркуловду Оштун мэри Мелис Мырзакматов менен салыштыруу күчөгөнүн эске алсак, борбор башчысынын «креслодо» сакталуу мөөнөтү аяктап бараткандай.

ЭНЕЛЕР 8-МАРТКА БЕЛЕККЕ ТАШИЕВДИ СУРАШУУДА
Бул апта Талас менен Баткен гана «жай уйкуда» болбосо, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Ошто «ата журтчу»депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен Талант Мамытовду бошотууну талап кылган акциялар болуп өттү. Жалал-Абадда байбичелердин жоон тобу облустук администрацияга басып киришип, ошол жерде түнөшсө, Оштун аянтына чыккан энелер «президент 8-Мартка Камчыбек Ташиевди бошотуп, бизге белек кылсын!»дешти. Бир ок менен эки коёнду аталы дештиби, Оштун мэри Мелис Мырзакматовду да өз кызматында калтыруу талабын айтышты.
Энелер майрамга жакын митингге чыкканын «Камчыбек Ташиев жыл сайын 8-Мартта 100 эмес, 1000дей энеге дасторкон жайып, сыйлачу. Үйдө чай ичип отурсак болмок, бирок эл деген депутаттарыбыз камакта жатса, кантип чыдамакпыз?»деген сөздөр менен түшүндүрүштү.
Кыргыз карыларына аяр мамиле жасап келген. Өкүнүчтүүсү, акыркы күндөрү аялзатын өзүнүн саясий кызыкчылыгына пайдаланган азаматтар көбөйдү. Небересине кам көрүп, тарбиялап, үйдүн төрүндө отурар байбичелер облустук администрациянын коридорлоруна жайбаракат жайгашып отурганын көргөн жаш муун кандай тарбия, үлгү алышы мүмкүн? Эртең ушундай эле ийгилик менен адам өлтүргөндөрдү коргой баштасак, дагы кийинчерээк ушундай жол менен кимдерди коргоп калабыз?
Кыргыздар кыйын митингчи болуп кеттик, эми ушунча болду, митингдерди мыйзамдуу жол менен маданияттуу түрдө өткөрүүнү да үйрөнсөк болмок. «Биздин бала»деген деңгээлден көтөрүлүп, мыйзам тартибин сактап, «күнөөсү барбы, жазасын алсын» деген коомдук пикир жаралган күнү гана өлкөдө өнүгүү башталат.

ӨКМӨТТӨ ЖАШ КАДРЛАР ДЕФИЦИТ
Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Министрлер кабинетинин иштеп жатканына жарым жылдан ашты. Өткөн аптада бул өкмөттүн ичинде алгачкы орун алмашуулар болуп, ички иштердин экс-министри Шамиль Атаханов вице-премьерликке көтөрүлсө, анын ордуна Акаевдин тушунда министрдин орун басарлыгын аркалаган, 60тан ооп калган Абдылда Суранчиев келген. Алиясбек Алымкулов Эмгек, миграция жана жаштар министри болуп дайындалды. Ал эми Ибрагим Жунусовду Султан Раев алмаштырды. Курманбек Бакиевдин тушунда Маданият министри болуп турган Султан Акимович реструктуризацияга кабылган Маданият, маалымат жана туризм министри болуп калды.
«Жаштарга орун бошотолу»деген сөздөр акырындык менен унутулуп бараткандай. Албетте, тажрыйбага басым жасап жатышкандыр. Бирок интернет чөйрөсү, көбүнчө жаш колдонуучулар өкмөттүк курамдын жашы өйдөлөп баратканын көп талкуулай баштады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан