Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди. «Коомдун жүрүм-туруму мамлекеттеги диний шартка ылайык өзгөрүп жатат. Конституциянын 7-беренесине ылайык, дин мамлекеттен ажыратылган. Бирок «диний чөйрөгө мамлекет кийлигишпеши керек» деген саясаттын айынан өлкөдө ар кандай секталар, динди жамынып алып экстремисттик багытка умтулгандар көбөйдү. Көпчүлүк жаштар буга азгырылып кетишүүдө. Ал эми Диний башкармалык бул багытты так тескей албай жатат»,- деди спикер.
Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев спикердин тынчсыздануусун бөлүшпөйт. Анын айтымында, Кыргызстанда имамдар илимдүү болгондуктан, дин тармагы өз нугунда уланууда жана өлкөдөгү диний абал да жаман эмес.
«Дин мамлекеттен ажыратылган» деген жооп менен бизге колдоо көрсөтүлбөсө да, мечиттер менен имамдарды өзүбүз каржылап келе жатабыз. Маселен, Тажикстанда Ислам университетин мамлекет каржылайт. Ал эми бизде андай колдоо жок»,- деди муфтий.