4-март күнү «Трибуна» гезитинин редакциясынан укук коргоо органынын кызматкерлери ЖАРДЫРГЫЧ ЗАТТАРДЫ таап чыгышты.
БАБЫРБЕК ЖЭЭНБЕКОВ Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп экинчи ирет дайындалды.
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты АЛТЫНБЕК АРЗЫМБАЕВ адам өмүрүнө кол салуу кылмышына шектелип кармалганын Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖАРАНЫ Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүнүн биринде мыйзамсыз кызмат өтөп жүргөндүгү белгилүү болду.
Өлкөгө 14-март күнү Австриянын президенти ХАЙНЦ ФИШЕР расмий сапары менен келет.
Кыргызстанда болжол менен 250 АК ИЛБИРС БАР экенин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин статс-катчысы Бахтияр Абдиев билдирди.
«Эчкили-Таш»тозотундагы 5 адамдын жоокер тарабынан өлтүрүлүшүнө байланыштуу окуя боюнча жеке түзүм менен иштөө начальниги Тимур Асаналиев «кызматтык укуктарынан аша чаап кетүү»айыбынан АКТАЛЫП, бирок АЙЫП ПУЛГА жыгылды.
«Эл аралык «Манас» аэропорту»ААКсынын төрагасы болуп АЛБЕК ИБРАИМОВ дайындалды. Ал буга чейин Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштечү.
Экс-президент РОЗА ОТУНБАЕВАГА БУУнун Тынчтык университетинин кеңешинин мүчөлүгүнө кошулуу сунушу түштү.
Өлкөдө учурда 2864 ДИНИЙ УЮМ иштеп жаткандыгын ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиев маалымдады.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп НАКЕН КАСИЕВ бекитилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
OMG
2013-03-12 06:59:48
Avstriyanyn prezidentti birinchi jolu kelip jatat bolsuh kerek navernoe
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.