СӨӨЛ ЖУГУШТУУ ООРУ

СТАТИСТИКАДАН

  • Кайсы учурду албайлы, элдин 10 пайызы денесинде сөөлдү алып жүргөн болот.
  • Калктын 75 пайызга жакыны өмүрүндө жок дегенде бир ирет сөөлгө кез келет.
  • Сөөлдөн кутулуу үчүн жер жүзүндөгү адамдар жылына 125 миллион доллар акча коротушат.
  • Сөөл безеткиден кийинки эле эң көп таркаган тери оорусуна кирет.

СӨӨЛ ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?

Сөөлдү негизинен папиллома вирусу пайда кылат. Сөөлдүн тамыры болбойт жана бутактанып өспөйт. Оору жуккандан тартып анын биринчи белгиси пайда болгонго чейин (инкубациялык мезгил) 7 аптадан 5 айга чейин убакыт өтөт. Вирус коомдук жайлардан: мончодон, бассейнден, спортзалдан; буюмдардан: би­рөө­нүн сакал алгычынан, сүл­гү­сүнөн, бут кийиминен жана башкалардан жугушу мүмкүн. Мындан тышкары иммунитет төмөндөгөндө организм вируска туруштук бере албай, сөөл өсүп кетет. Ал эми көп тердөө, күндүн зыяндуу нурларынын таасири сөөлдүн чоңоюп жана көбөйүп кетишин шарттайт. Тери жаракатка кабылганда мисалы, кесилип же айрылып-тытылганда вирустун жугуп калуу коркунучу чоң.

СӨӨЛДҮН КАНДАЙ ТҮРЛӨРҮ БАР?

Сөөл кол-бут манжаларында, таманда, бетте анан жыныс органдарында кездешет.
Сөөл:жөнөкөй,жалпак жаната­ман­дын сөөлү болуп бөлүнөт.
Мындан тышкары сөөлгө жыныс органдарында кездешүүчү кондиломаны да кошууга болот. Кондилома берки сөөлдөрдөн айырмаланып венерикалык оору түрүнө кирет жана жыныстык кошулуудан жугат. Сөөлдөрдүн ичинен эң коркунучтуусу дал ушул кондилома болуп эсептелет. Анткени, кондилома жайылып отуруп жыныс органдарын, аялдын чатын, андан өтүп анустун (арткы тешиктин) айланасын каптай баштайт. Кээде жыныс кынына, жатын моюнчасына дейре жайылып кетет. Кондилома сөөлүн короздун таажысына же капустага (броколли) окшоштурушат.

ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ

Кээде сөөлдөрдүн өзүнөн-өзү жок болуп кеткен учурлары кездешет. Мындай көрүнүш 40-50 пайызды түзөт жана көбүнчө балдарда кезигет.
Дарылоодо жөнөкөй жана жалпак сөөлдөр 1-3 ай ичинде кетип калат. Ал эми таман сөөлүн дарылоодо 2 айдан 5 айга чейинки убакыт керектелет. Кондиломаны жок кылууда өтө этияттык керектелет жана узак убакытты ичине камтыйт.
Сөөлдү жок кылуу үчүн негизинен суюк азот менен күйгүзүү, электр тогу менен күйгүзүү, лазер менен жок кылуу ыкмалары колдонулат. Аталган ыкмаларды дарылоодо ооруну сездир­бөөчү дары-дармектер колдонулгандыктан, оорутуу сезилбейт.

СӨӨЛДҮ ЖОК КЫЛУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ КАРАЖАТТАР

Пластырлар
Сөөлдү жок кылууда колдонула турган мындай пластырларга салицил кислотасы сиңирилип коюлат.
“Суперчистотел”
Сырттан сыйпалуучу бальзам. Сөөлдү жок кылууда эң таасирдүү каражат. Бальзамды бир канча күн катары менен сүйкөсө сөөл кетет.
Немазоль
Бут-кол чор болуп кеткенде немазоль кремин колдонуу сунушталат. Бир аптада жүрөк өйүткөн чордон кутулууга болот. Кремдин курамындагы салицил менен бензой кислотасы чорду жумшартып, микробдорду өлтүрөт. Мындан тышкары немазоль тери тытылганда, сыйрылганда да колдонулат.

СӨӨЛДҮ ӨЗ АЛДЫНЧА ЖОК КЫЛУУГА БОЛБОЙТ!

Сөөлү бар адам эч качан дарыгердин кеңешисиз аны өз алдынча жок кылууга аракеттенбөөсү кажет. Себеби, жок кылам деп отуруп, сөөлдөрүнүн санын көбөйтүп же чоң шишикке айлантып же соо жерди кошо күйгүзүп алуу толук мүмкүн. Ошондуктан, сөөлүн жок кылгысы келгендер сөзсүз дарыгерге көрүнүп, анын кеңеши менен гана дарылануусу кажет. Ошондой эле жогоруда аты аталган дарыларды өз алдынча колдонуудан мурда дарыгерге кеңешке кайрылуу керек экендигин эскертебиз.

СӨӨЛДҮ АЛДЫН-АЛУУ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Сөөлдү пайда кылуучу вирусту жуктуруп албоо үчүн гигиеналык эрежелерди катуу сактоо керек.

  • Бирөөнүн кийимин, бут кийимин жана башка буюмун колдонбоо кажет. Бассейнге, мончого барганда жылаңайлак жүрбөй, өз бут кийимди кийип алуу керек.
  • Тар бут кийимден баш тартуу зарыл. Жыныс органдарына чыгуучу кондиломага кезиккенде толук дарыланып айыккыча жыныстык катнашты токтотуп туруу керек.
  • Сөөлү бар адамды карап баккан адам да гигиеналык эрежелерди толук сактабаса сөөл вирусун жуктуруп алуусун эске алуусу кажет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
islamidin
2011-03-12 14:31:39
тамандагы соолду каннтип кетирууго болот?
0
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан