4-мартта президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өткөрүлдү. Анда мамлекет башчы: «Сот адилеттиги коомдук пикирге жана коомдун турмушунун өзүнө таасир көрсөтө турган фактор болуп саналат»,- деди.
Эл аралык абактарды изилдөө борборунун маалыматтары боюнча, биздин өлкө калкынын 100 миңине камактагы 300дөн 500гө чейин киши туура келген өлкөлөрдүн (Эстония, Латвия, ТАР, Чили, Азербайжан, Украина менен катар) катарына кирет. Кыргызстан абактагы калктын саны боюнча Бразилия, Австралия, Венесуэла, Мексика, Улуу Британия, Грузия, Португалия сыяктуу өлкөлөрдөн бир топ алдыда. Статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөдөгү түрмөлөрдө 10 миңден ашык адам жатат.
Өз кезегинде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев быйыл соттордун айлык маянасы көбөйөрүн айтты. Премьер билдиргендей, эгер соттор ачык иштей турган болсо, карапайым калктын мамлекетке болгон ишеничи жогорулайт. «Эл соттордун чечимине нааразы болуп, президентке, Жогорку Кеңешке чейин даттанып барууда. Бул – сот системинин так иштебегендиги»,- деди Сатыбалдиев.