Депутаттар Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыкты негиздөөнү сунуш кылышты. КСДП фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов Чыңгыз Айтматов атындагы медаль маданият тармагына эмгек сиңирген мыкты кызматкерлерге тапшырылышы керек экенин айтты. «Муну менен улуу жазуучунун ысымы түбөлүккө сакталат. Быйыл жазуучунун 85 жылдык мааракеси өтөт. Медалды ошого утурлай даяр кылсак жакшы болмок. Анын наркы 30 миң доллар турат»,- деди депутат.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Нурлан Шерипов бюджетте каражат жок болгондуктан, Каржы министрлиги бул сунушту колдобой тургандыгын айтты.