Күч түзүмдөрү тигүүчүлөргө 1 миллион сом карыз экени тууралуу журналисттерге «Aiko Seiko» ЖЧКсынын башкы менеджери Саид Жусуев билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы Коргоо министрлиги 800 миң сомго, УКМК 200 миң сомго кийим тиктирип, акчасы эмгиче бериле элек.
Белгилей кетсек, аталган ишканада 100 адам эмгектенет. Ишкананын 4 филиалы бар. Алар күч түзүмдөрүнүн кийимдерин, ошондой эле тоо-кен тармагына жана тейлөө кызматтары үчүн да атайын формаларды тигип беришет. Ишкана жылына 30-40 миллион сомдук продукция чыгарат. Атайын буйрутмалар жалпы республика боюнча келип түшөт. 2012-жылы ишкана мамлекетке 5 миллион 292,2 миң сом салык төлөгөн.