БИШКЕК ФУТБОЛДУК МАЙРАМДЫ КАБЫЛ АЛАТ

Эсиңиздерде болсо, былтыр жазды Бишкек бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу менен тоскон. Кулак сүйүнтчү жаңылык, быйыл жазды футболдук майрам менен тособуз. Анткени 17-19-21-март күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо АФКнын Чакырык кубогунун тандап алуу оюндары болот. Ал үчүн футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы Макао, Пакистан жана Тажикстан командалары менен оюн өткөрөт.
Кыргызстан бардык оюндарды утуп, тайпадан биринчи болуп чыга турган болсо, калган 4 тайпанын  алдыңкылары менен өз ара ойноп, чемпионду аныкташат. Эгерде Кыргызстан ошол оюндарда жеңип чыкса, 2015-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат. Футболдук командага өз үйүндө жергиликтүү элдин сүрөөнүнөн артык эмне керек? Андыктан төмөнкү жадыбалды карап, улуттук курама командабыздын мелдештин кийинки баскычка чыгуусу үчүн колдоп кетүүгө чакырабыз.

17-март
11:45. Пакистан–Тажикстан
15:45. Кыргызстан–Макао

19-март
11:45. Тажикстан–Макао
15:45. Кыргызстан–Пакистан

21-март
11:45. Макао–Пакистан
15:45. Кыргызстан–Тажикстан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kojojaw
2013-03-12 19:28:40
iigilik bsarynarga
0
KUMU89
2013-03-16 11:43:57
Kyrgyz kalkym oiunchularyn Allah kuch kubat herein.
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан