«ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ» КАНДАЙ ИЛДЕТ?

«Жылдыз оорусу» деген сөз көбүнчөсү артисттерге карата айтылып келет. Бул деги кандай илдет? Акыркы он жылдыкта эмнеге бул сөз байма-бай айтылууда? Совет мезгилиндеги атагы таш жарган адамдар да мындай ылаңга кабылышты беле?

Самара Токтакунова – комузун колго алып, дүйнөнүн далай өлкөсүнө кыргыздын атын тааныткан комузчу айым. Ал эле эмес, ыр дүйнөсүндөгү Актан, Аслан Исабаев деген инсандарды тарбиялап өстүрдү. «СССРдин Эл артисти» наамына татыган Самара Токтакунова жылдыз болуп жүргөн кезде даңкты кантип көтөрдү, кеп ошол тууралуу.

Самара Токтакунова, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АТАКТУУЛУКТАН КӨӨП КЕТКЕН ЖОКМУН»
– «Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста» дегендей, популярдуулукту ар бир адам эле көтөрө албайт. Чынында, жылдыз болуш оңой эмес. Көп жыл бою үзүрлүү эмгектенип отуруп араң көтөрүлүп, анан атактуу болосуң. Аны көтөрө билиш үчүн тунук сезим, бийик түшүнүк керек. Мен белгилүү болгонго чейин эле жөнөкөй киши болчумун, ошол бойдон калдым. Бир ыр же күүнү жаратып коюп асманды карап калгандарга таң калам. Алардын ою же түшүнүгү тайкы да. Атактуу адамдар ар бир ийгилигинин кадырына жетип, ошону көтөрүп, барктап-баалай билиши керек.
Маданият, шоу адамдары – күзгүбүз, андыктан элге үлгү болушубуз шарт. Бир аз каранбай жүдөп калсаң, «а, бул байкуш болбой калган турбайбы» деп дароо сөз кылышат. Мен азыркы кезге чейин бир жаман кеп-сөз, ушактарга аралашкан жокмун. Үй-бүлөдө аял катары иш кылбасам да, мүнөзүм, жакындарыма мамилем такыр өзгөргөн жок. Эгер адам популярдуулуктун кадырына жете билсе, эл да аны сыйлайт.

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» дегендей, Чубак Сатаевдин көзү өткөнүнө көп жыл болсо да аты, ырлары элдин оозунда сакталуу. «Арман», «Түштүк кызы», «Кара көз» деген өлбөс ырларды аткарган ырчы кезинде укмуш популярдуу болуп, эл аны конокко чакырганды сыймык көрүшчү экен. Легендага айланган ырчы менен бирге түтүн булаткан жубайы Айша Сатаева атактуулуктун үй-бүлөгө тийгизген таасирин төмөнкүчө эскерет.

Айша Сатаева, Чубак Сатаевдин жубайы:«ЧУБАК ЖАЙДАРЫ МҮНӨЗҮНӨН ЖАЗБАДЫ»
– Чубактын аты дүңгүрөп турган чакта ак көңүл, колу ачык мүнөзүнөн жазган жок. Ал кезде жер кезип гастролдорго чыгышчу эмес беле. Чубак да эки айда бир келип 10-15 күн жашап, кайра гастролдоп кетчү. Тынч жашап жаткан чагыбызда ортодон бузук бирөө чыга калбадыбы. Анын айынан эки жарым жыл ажырашып жүрүп, кайра табыштык. Мына ушул нерсенин баары Чубактын жылдыз болуп жаткан кезине туш болду. Өзү негизи кыздарга деле көп жолой берчү эмес. Кийинки күндөрдө эле бир келинди таап, бузулуп кетти. Мен жүрөт-турат дегенди деле билген эмес экем. Болбосо мага демектен он аял менен жүр деп койсом деле болмок. Элден «башка менен жүрүп кетти» дегенди угуп таарынып, төркүнүмө кетип калып жатпаймынбы. Кийин кайра жарашканда кадимки эле турмушубузду уланттык. Башка менен жүргөнүн ал «убактылуу нерсе, аны баары бир таштайм. Балдарым турганда аны эмне кылмак элем?» деп калчу.
Чынында, эки баламды атасы жок, жалгыз өстүрдүм. Азыр күлүп айтып калам, «айланайын балдарым, эки аял ала көрбөгүлө. Бир эле аял менен жашагыла» деп. Чубактын жылдыз болгондогусунун кедергиси үй-бүлөбүзгө кичине араздашуу алып келбесе, башка жагынан таасир тийгизе албады. Менин чекемди бир чертип, катуу сүйлөгөн жок. Ага караганда түнкү саат бир-экилерде келсе, мен аябай катуу тийчүмүн.

«Кыздын сыры», «Жаз», «Арген» деген ырларды уксак, дагы деле көз алдыбызга кыска кара чачтуу, бетинде уячасы бар Алина Жетигенова тартыла түшөт. 90-жылдары бир нече хит ырларды жаратып, айрымдардын армандуу сүйүүсүнө айланган Алина айым да бир кездерде жан сакчы менен жүрүп калган. Эмне мынча деп жатасызбы? Анткени ырчылардын жашоосу да кооптуу болот...

Алина Жетигенова, КРнын Эмгек сиңирген артисти:«ЖАН САКЧЫ ЖАЛДАП ЖҮРГӨМ»
– Биз Совет мезгилинде жашап, ошол доордун тарбиясын алып калбадыкпы. Ал кезде асманга чыгып баратсак, буттан тартып түшүрө турган көркөм жетекчилерибиз болчу. Ал эми «жылдыз оорусу» бизде болду беле же жокпу, так билбейт экем. Бир жолу Спорт Сарайында күйөрманым гүл берип, анан бетиме суу чачып жибергени эсимде. Элдин баары аны кислота деп ойлошуп, маалымат бардык жакка кеткен.
Ошондой нерседен кийин чочулап, спортчу балдарды жалдап, жан сакчы алып жүрдүм. Ал балдар биз менен гастролго чыгып, кол тамга сураса, сүрөткө түшөлү десе жолоттурбай коюшчу. Ошондо, балким, артымдан «жанына киши жолотпой, көөп кетиптир» деп айтышкан чыгар. Эл мени сахнадан гана көрөт. Сахнада ырчы өзүн татыктуу алып турушу керек. Ошондон уламбы, баары эле мени керсейген деп ойлоп алышчу экен. Коопсуздук үчүн деп жан сакчыларыбыз менен 6-7 жылча жүрдүк го. А балким, ошол убакта өзүбүз деле мактанчаак болчубузбу, ким билет...

Бул ырчыны «жаңы толкундун башаты» деп атап коюшчу. Темир Назаров «Туулган жер» деген ыры менен популярдуу болуп, кыздардын жүрөгүн жаралаган мырзалардын алдыңкы сабында турган. Кол тамга алган күйөрман кыздар «түртүп салды, керсейген жигит экен», «Темир «жылдыз оорусу» менен ооруп баштаптыр» деп кеп салып жүрүштү. Азыркыга чейин атын жогото элек Темир популярдуулукту багынткан мезгилине саресеп салат.

Темир Назаров, ырчы:«ЫРЧЫЛАР ДЕЛЕ АДАМ ДА...»
– «Жылдыз оорусун» мен «көрбөгөндүн көргөнү курусун» деген макалга байланыштырмакмын. Эгер адам бир келген даңкка жылдыз болуп эл карабай калса, демек, анын бул нерсеге даяр эмес экенинен кабар берет. Мен бир жылда эле жылдыз болуп чыга келген жокмун. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай сынактарга катышып, активдүү болчумун. Популярдуулукка кадам санап өсүп отуруп, анан жеттим. Андыктан канча ырым популярдуу болуп, атым чыгып турган чакта деле өзгөргөн жокмун.
Бизде элдин бир жаман жагы бар, жылдыздарды адам катарынан чыгарып салышат. Ырчы деген күлүп гана жүрүш керек эмес да. Ал деле адам, ал деле ооруйт, маанайы кээде бар, кээде жок болот. Ушундай туура эмес учурларда жолугуп калып катуу айтып салсаң «көөп кетти», «керсейген жигит экен» деп чыгарышчу.

2006-жылдар. Султан Садыралиевдин «Кудача кыз», «Жагымдуусуң», «Сен эмес» деген ырлары чыгып, күйөрмандарынын саны күн санап өсүп жаткан мезгил. Популярдуулугун ушундан билиңиз, бир жылда бир эмес, бир нече жолу, бир нече күн концерт койчу. Ырлары байма-бай жаңырып, чыныгы жылдыз болуп Султанга суроо-талап күчөгөн. Ошол популярдуулук кезди кандай басып өткөндүгү тууралуу Султан ой бөлүшөт.

Султан Садыралиев, ырчы:«ЖЫЛДЫЗ БОЛУП ООРУП БҮТКӨМ»
– «Жылдыз оорусу» менен мен мектепте окуп жүргөндө эле ооруп бүтүп койгом. Окуучу кезде Талас облусунун атынан ар кандай республикалык деңгээлдеги кароо-сынакка келип катышчумун. Ошол кезде өзүмчө керсейип мугалимдерди, жадакалса директорду да тоготпой, туура эмес мамиле жасап жүргөм. Эгер мугалимдер мага жаман сөз айтышса акимибиз чалып, «кой, Султанга тийишпегиле, ал деген биздин облустун атын коргоп жүрөт» деп койчу. Ага мен андан бетер көөп, кааласам окуйм, каалабасам окубайм дегенге чейин баргам.
Ошентип, «жылдыз оору» деген илдет жабышып, эч кимди көзгө илбей калганда Нуржан деген агайым чакырып калды. «Сен эмне өзүңдү кыйын сезип жатасың? Бул нерсе бат эле өтүп кетет» деген болчу. Аны да туура түшүнбөй, «мени көрө албай жатат» деп ойлоп жүрдүм. 11-класста бүтүрүү кечесинде микрофонду карматса, «жок, мен микрофон менен ырдабайм, мындай деле үнүм жетет» деп кыйын болгонумду азыр эстесем күлкүм келет. Бирок эстрадага келип, аншлаг менен концерт берип жүргөн чакта баарын түшүнүп калган элем.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
adelima
2013-03-11 11:20:13
Султан да, Темир да жылдыз оорусуна чалдыккан. Эми мынтип убакыт отуп оздору да тан албай калышыптыр.
0
AnGelina
2013-03-11 11:47:30
Мен да Темир менен Султанды укмуш эле жылдыз болушкан деп ойлойм. Калп эле скромничатетип коюшканын.
+3
best-life
2013-03-11 14:26:25
Оо атак мн акча кимди гана коптурбосун)))Эми озун которбогон адамдар чанда эле го. Самара Токтакунова айым жонокой адам болуш керек деп ойлойм, баардык жерден(ТВ,радио,газ.журн)берген интервьюларында ал айымдын акылы тунуктугу, оюнун бийиктиги, акылман мыкты инсан экендигин баамдап келем. Анан калса да улуттун кокурок кагып сыймыктанаар айымдарыбыздын бири да ушул айым.
+1
ruslan1969
2013-03-11 14:39:49
азыркы жылдыздар жылдыз эмес убактылуу акча тапмай жон соз менен айтканда китайский фонариксинер
+4
prezent
2013-03-11 22:32:07
ruslan1969, эу брат сен ырдап чыкчы королу.Лампочкабы,башкабы аны убакыт таразалайгоо менимче
0
gooool
2013-03-11 16:41:11
Темирдей эч ким чыкпады окшойт.
+7
mirlanusenov
2013-03-11 17:13:07
Темир жаш толкундун башаты
+6
prezent
2013-03-11 22:31:03
Султан жана Темир чыныгы эркектер!!!Темир оорубай эле мунозу ошондой го. Султан просто короз да короз.дакан короз! браттандар иштегиле,алгаааа.
+5
jibeka09
2013-03-12 01:16:55
Темир ырдабай койгону жаман болду(((
+4
mi-li-na
2013-03-12 09:40:25
Чынында эле Темир мн продюссеринин ортолорун кара мышык аралабаганда Канат агайдын жардамы мн коптогон ийгиликтерди багынтмак.Озу да грамотный болчу.Эми ал да озуно келген кел-келди которо албай башкалардын тилине киргени башкаларга жол ачуу болду окшойт;).Канткен мн кимдин-ким экендигин эл билет да.
+2
maksimus
2013-03-12 10:32:03
Илгерки ырчылар азаматтар болушкан
0
laki
2013-03-13 22:36:55
Kelechektegi urpaktar azyrky yrchylardy maktashat. bul anyk. biz kachan ele Toktogul, Jenijok mykty ele dep aitabyz. door ozgorot, almashat. ulam janylangan saiyn murdagylaryn mykty deibiz. negizi Kyrgyzdar taryhtan ele mykty el. emi dele mykty bolo beret...
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан