«Жакында гана жарыкка чыккан «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы пираттык дисктерге тарап кетти». Бул кабарды тасманын режиссёру Руслан Акун маалымат жыйынында берген билдирүүсүндө тастыктаган. 28-февраль күнү борбордогу кинотеатрлардын биринде тартылып алынган, сапаты начар фильм интернет ресурстарынын бирине жүктөлгөн. Аны көрөр замат тасманын жаратуучулары бүт жактан алдыртып салышкан. Бирок кыска убакытта эле айрымдар көчүрүп алып, пираттык дисктерге чыгарганга үлгүрүшүптүр. Дисктер «Дордой» базарында сатылып жатканын уккан режиссёр Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка доо-арыз менен кайрылган. Аталган органдын кызматкерлери менен диск сатылып жаткан жерге барганда сатуучулар каршылык көрсөтүп, жадакалса кол көтөргөнгө чейин барышкан.
Тасманын режиссёру Руслан Акун: «Сатылып жаткан пираттык дисктер экспертизадан өткөрүлүүдө. Учурда тасманы мыйзамсыз тартып алган адамдардын өздүгү такталып, тергөө иши жүрүп жаткан кези. Оңой жол менен акча тапкысы келгендер менин бир жарым жылдык эмгегимди уурдап алышты»,- деп кейиди.