Айгеримге тасмага тартылуу катуу жагып калганбы, эми ырчы кызыбыз Жаныш Кулманбетовдун «Менин кызымдын ханзаадасы» деп аталган тасмада башкы ролдогу кыздын образын жаратып жатыптыр. Ырчы тасма тууралуу: «Фильмдин сюжети боюнча мен суу ташыгыч жигитти сүйүп калам, аны менен чогуу болушума атам каршы болуп, көп тоскоолдуктар жаралат»,- дейт.