Ильяз Абдыразаковдун «Жаным, ай» деген ыры буга чейин казак, өзбек тилдерине которулуп ырдалып жүргөнүнөн кабарыңыздар болсо керек. Кошуна өлкөлөрдүн аткаруучулары Ильяздын ырынын популярдуулугун арттырып салышканбы, айтор, «Жаным, айды» индустар аткарып жүрүшкөнүн укканын айтат ырчы. Кызык, бул чыгармага хинди тилинде жан берип жаткан аткаруучу ырдын автору кыргыздын кара тору баласы экенин билди бекен?.. Эгер, чынында, Ильяздын ырын индиялыктар ырдап башташкан болсо, анда сыймыктангандан башка сөз жок.