Концерттин өткөн орду – Спорт Ордосу, 6-мартта
Башталышы – 19:30 (1 саатка кечикти)
Көрүүчүлөр – Амфитеатрдагылардын баарын кууп түшсө, партер толмок
Мыкты номерлер – «Эшек менен эчки» тамсили, «Шайтан жана периште» тамашасы
Алып баруучулар – «Талант-шоунун» жигиттери Аскат жана Бека
Билет баасы – 300-400 сом
Концерт болбоду дегенде жарым саатка кеч башталарын билип калган жаным, атайын бир аз кечигип бардым. Сахна «ТАЛ-ШОУ-АНТ» деген жазуу менен кооздолгон. Билбейм, мен ушинтип окудум. Эл болсо отурат, ай караган текедей болуп күтүп, улам-улам сахна тарапка моюнду созуп, «баштабайбы» дешип. Бир убакта астынкы катарда отурган келин күтүүдөн тажадыбы, күйөөсүн түрткүлөп «сен бир кол чаап койчу, балким, башташар» десе, телефонун чукулап отурган анысы «эл толсо башталат да» деп койду. Күлкүм келди, саат 19:25 болду, кайдагы эл?
Көп өтпөй эле жарык жалп деп өчтү. Көрсө, концерттин башталып жаткан кербези экен. Сахнага «ИКС» бийчилер тобу чыгып, өнөрүн тартуулады. Бул топту «ИКС» деп өзүм эле атап алдым. Анан эмне кылам, аларды эч ким тааныштырбаса. Алардан соң «Талант-шоунун» эки жигити чыгып, эл менен саламдашып, устатыбыз деп Талантты сахнага чакырышты. Талант үкөмдүн кабагы бир аз салыңкы, «настыры носкисинде» жүргөндөй туюлду мага. Эми түшүнүктүү да, Спорт Ордосуна ээ боло албай, улам-улам жылдырып отуруп концерт койсо, анан минтип зал толбосо...
Чындыгында, куудулдун концертке даярдыгы мыкты болуптур. Талант бирде арак ичкен күйөөсүнөн тажаган келиндин, бирде кымыз саткан абышканын, бирде индия кызынын ролун аткарып элди күлдүрүп жатты. Айымдардын жаз майрамына карата жазылган жаңы тамашалар, жаңы пародиялар аткарылды. Бирок көрүүчүлөрдүн «мурдагы президенттерди, саясатчыларды туураган тамашаңызды аткарып берсеңиз» деген мүдөөсүн аткаруудан баш тартты. «Мен элге «жаңы программадагы концерт коём» деп сөз бергем. Андан көрө жаңы тамсил окуп берейин» деп эшек, эчки, текелерди саясатчылардын үнү менен сүйлөтүп, залды кыраан-каткыга бөлөдү.
3 сааттан ашык убакытка созулган Таланттын концертине жалпы жонунан 8 киши катышты. Конок катары жаш ырчылар Данияр Эрматов, «экс-кыз-буракчы» Мирана Мамытова, Санжар Бердибеков чакырылыптыр. Санжар куудул эмеспи, элдин боорун эзсе керек деп ойлоп жаткам. Кайдан? Бир интермедияда эпизоддук роль жаратты да, баягы «Сени мен жарым деп жүрсөм...» деген ырын ырдап тим болду.
Толик Сынчы