«ЮБКАЧАН» МЫРЗАЛАР

Артисттердин милдети – театрда болобу, кинодобу, өзүнө сунушталган каармандын образын көрөрманга жеткиликтүү деңгээлде ачып берүү. Бирок эркек болуп туруп кыздын ролун жаратуу ары кызыктуу, ары түйшүктүү экенинде күмөн жок. Анда эмесе, бул тууралуу кыздын образын жараткан мырзалардын өз оозунан уксак.

Бакыт Тынайбеков, актёр:«ТАСМАДАН СОҢ БАКУЛЯ АТКА КОНГОМ»
– Кыздын ролун жаратып калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сунуш түштү, макулдугумду бердим. «Көк салкындагы» Бакулянын образын жаратууда тартуучу топко эч нерседен тартынбаган, тайманбагандай түр көрсөткөнүм менен, ичимде кадимкидей коркуу, уялуу сезими болгон. Тасма көпчүлүккө жагып, алгылыктуу пикирлерге ээ болгондон кийин мындай ойлор өзүнөн өзү жоголуп кетти. Ошентип, кыздын ролун ойноодо такыр кыйналган жокмун. Бирок нарындык жигит болсом да, тескерисинче, атка минген, кызга окшоп чуркаган кадрлар абдан түйшүк жаратты. Буттарым жооруп, белим ооруксунуп, ошондо өмүрүмдө биринчи жолу катуу чарчадым. Кино элге жайылгандан кийин көчөдө жөн баса албай калдым. «Көк салкындагы» бала» деп баары эле колу менен көрсөтүп, досторум Бакыт атымды унутуп, Бакуля деп калышкан.

Болотбек Тилек, актёр:«ОБРАЗГА КИРҮҮ ҮЧҮН КҮНҮ КЕЧКЕ КӨЧӨДӨ ЖҮРГӨМ»
– «Салам, Бишкек!» тасмасында Тонянын ролун жараткам. Алгач кыздын ролун жаратууга сунуш түшкөндө «эч кандай кыйынчылыксыз эле аткарып коём» деп ойлогон элем. Иш жүзүнө келгенде бул түйшүктү жон терим менен сезип, абдан оор экенин түшүндүм. Анткени тартуу учурунда кызга окшош боло албай тартуучу топту бир топ убарага салгам. Мындан улам атайын көчөгө чыгып, бир күн кечке кыздардын басканын, сүйлөгөнүн, жадакалса көзүн ирмегенине чейин карап, үйрөнүп отурууга туура келген. Ошентип, өзүмө керектүү маалымат топтоп алгандан кийин гана роль ойноого киришкем. Тартылып жатканда «өзүм эркек болсом, анан аялзатынын образын жаратып жатканым туурабы? Тасма жарыкка чыккандан кийин кандай сөздөр айтылар экен?» деп тынчсыздангам. Ата-энем экөө тең намаз окуган кишилер. Алар эмне дешет деп чочулап, бир чети уялгам. Бирок фильмди көргөндөн кийин атам: «Балам, мыкты ойноптурсуң. Кесибиң актёр болгон соң кандай гана роль берилбесин, жетиштүү деңгээлде чагылдырып бер. Бул – сенин милдетиң»,- деп мага дем-күч берди.

Сапар Сайназаров, актёр:«ЛИФЧИК МЕНИ АБДАН КЫЙНАГАН»
– Мен мурун «Башаламан», «Байланыш», «Сүйүү бийи» деген тасмаларда баш каармандын образын жараткам. Өзүм Дене тарбия академиясын бүткөм. Спорттун тай-цзи түрү менен машыккандыктан, көбүнчө уруш-талаштын үстүндө жүргөн каармандын ролун ойноо сунушталчу. Анан билбейм, кандайча болуп мени «Салам, Бишкек!» тасмасындагы Сонянын образына тандап алышканын, кандайдыр бир «изюминкам» бар окшойт (күлүп). Сонянын ролун жаратуу мага абдан оор болду. Биринчиден, бетиме чапталган 5 килограмм «шпатлёвка» менен жүрүүнүн өзү эле тозок экен. Жасалма кирпиктен аллергия болуп, көзүмдү ачып-жума албай калгам. Тасмада деле байкалат, көзүмдүн кызарып жүргөнү. Баарынан да көйнөктүн ичинен таккан нерсе, лифчик мени абдан кыйнаган. Дем жетпейт десеңер. Ошондон кийин кыздарга «Даңк» медалын тагуу керек экен деген ойдо калдым. Андан да кызыгы, тасма учурундагы фотосессиямды үйдөгү компьютерге киргизип алып көрүп жатсам, апам келип, «балам, бул келинибиз болобу?» деп боорду эзип жатпайбы.

Данияр Жанжигитов, «Дем» театрынын актёру:«АЯЛЗАТЫНЫН ОБРАЗЫН ЖАРАТУУ ЖАН ДҮЙНӨМӨ ЖАКЫН»
– Мен айылда чоң апамдын колунда чоңойгом. Ошондуктан кемпирдин, дегеле аялзатынын образын жаратуу менин жан дүйнөмө жакын. Бир жолу үйдө чай ичип отурсак, телевизордон «Дем» театрынын интермедияларын көрсөтүп калды. Анда туугандарыбыздын бири менин кемпир болуп ойногон образымды көрүп алып, «артыңдан караганда чоң апаңдын көчүрмөсү болуп калат экенсиң» деп жатпайбы. Тамашалуу образ болгондуктан, мен үчүн мунун эч кандай деле кыйынчылыгы, уяты жок.
Мага баарынан кичинекей кыздардын ролун аткаруу жагат. Анткени алар абдан баёо келип, жасалмалуулукту билишпейт эмеспи. «Мээрим» деген ырдагы образымда кызыма окшошуп калганымды айтат жубайым. Эмнеге экенин билбейм, кичинекей кыздын образын жаратып жатканда кара торусунан келген, бети менен тизеси кесилип кеткен, такыр суудан чыкпаган, чачы жаңы өсүп келе жатканда кыйнап эле бантик тагып койгон кызды элестетип алып ойной берем.

Мерген Турган, ырчы, пародист: «МЕНИКИНЕ БИРИНИКИ ДА ОКШОШПОЙТ»
– Мен алгачкылардан болуп кыргыз шоу-бизнесинде айымдын образын жараткан мырзамын. Кудай буюрса, быйыл айымдардын ролун жаратып жүргөнүмө 12 жыл болот. Чынында, аялзаты аябай кубулма калк болушат. Алардын образына кирип, роль жаратуу кыйын. Басканы, кийген кийимдери... Туфлисин эле алалы. Мен аларды туурайм деп бийиктиги 12 сантиметрге жеткен шиш такаларды кийип чыгып жүрөм. Алгач кийгенимде баса албай канча кыйналдым...
Азыр деле чечерим менен тамандарым мага рахматын айтышат. Эмне кылмак элем, ооруса да чыдайм. Бирок дасыккан актёрлор ролдорума баа берип, мактап калышат. Көрө албагандар «эмне кыласың аялдын образын?» дешет. Мен жараткан Дыңкы жеңе, Алла Пугачёва, Ирина Аллегрова, Верка Сердючканын образы элге күлкү тартуулап жагып турса, эмнеге жолумдан кайтмак элем? Менден кийин деле айымдарды туурап чыгышты, мисалы, «Тамашоунун» жигиттери жана башкалар. Мактангандай болбоюн, бирок меникине бириники да окшошпойт.

 Кыстарылган видео 
"Юбкачан" мырзалар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
alisheran
2013-03-11 11:51:21
данияр жанжигитовтун кыздын рольун аткарганы жакты.татынакай кыз болуп калат екен.
0
alenka
2013-03-11 13:37:58
сапар чындан эле сулуу кыз болуп калат экен
0
ruslan1969
2013-03-11 14:21:21
силер артист эмес эле маскарапозсунар башчынарды Мерген жене деп шайлап алгыла маскарпоз да кесип абиирди жашынардан сактабайсынарбы.
-1
beko-
2013-03-11 19:58:01
эми гей болушунар эле калдыле
-2
aiza11.3
2013-03-11 20:36:42
кобойуп кетишиптир го
0
killerka8905
2013-03-12 01:57:03
bul degen onor kesibi uwul atkaryp jatywat. Jamandaisynarda, korosunorgo ozunor uwul jaratkan rol'dordu. Iwinerge iygilik. Elge myndanda jakwy kulku tartulai bergile.
0
elvie91
2013-03-12 09:49:28
мдааа уж, особенно "салам бишкек"теги балдар жакшы ойношкон))
+1
maksimus
2013-03-12 10:27:30
Салам Бишкек рулит. Жакшы чыккан.
0
tyan-shan
2013-03-12 12:12:10
кыздардын ролун ушулар аткарбаса ким аткарат, рахмат оз иштерин билишет, таланттулар. баары эле кыздын образын жаратыш колдон келе бербейт. айрыкча салам бишкектеги балдар жакшы ойношкон.
+2
Husan
2013-03-12 23:22:01
oxo Azamatsynar! Menda kyzdyn rolun atkara alam,kinogo tartylgym kelet. MERGEN TURGAN baikege okwop
0
tirek17
2013-03-13 10:23:05
мындай мусульманчылыкта куноо деп эсептелет кыздар)))))
0
bok2012
2013-03-15 17:58:49
Жакшы ийгилик
0
saltanat.
2013-03-16 18:24:24
Шумдугун кур,окшошуп да калышат экен
0
best-life
2013-03-16 23:30:37
tirek17 укмуш айтыптыр ой ичим ай кулуп жатып боорум эзилди)))))))))))))))
0
lyblyego
2013-05-31 04:55:33
ой боорум ай,уйду башыма кие кулдум го
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан