КАРЫЗДЫН АЙЫНАН АТЫЛГАН ОК АДАМ ӨМҮРҮН КЫЙДЫ

Кыш мезгилинин акыркы күндөрүндө борбор калаабыздын Түштүк дарбаза аталган аймагындагы сейил бакта атышуу болгон. Бир жигит башына тийген октон каза болсо, дагы бирөөсүнүн бутуна ок тийип, ооруканага жеткирилген.

ЧАК ТҮШТӨГҮ АТЫШУУ
Ушул жылдын февраль айынын 27синде болжол менен саат 16ларда Бишкектин Түштүк дарбазасындагы сейил бакта атышуу болгон. Милиция кызматкерлеринин айтымында, «разборканын» келип чыгышына 9 миң доллар карыз себепчи экен. Карыз берген жана алган адамдар чырды чечишип алуу үчүн борбордун четиндеги эс алуу багында жолугушкан. Аласа-бересеси барлар жолугушууга «жан-жөкөрлөрүн» кошо ээрчите келишип, эки тарапта тең жандарында куралдар болгон. Чырды тынч жол менен чечүү ишке ашпай, курал колдонууга келип жеткен.
Окуя болгон жерге барган күчөтүлгөн милиция тобу «разборканын» бир нече катышуучусун кармаган. Криминалисттер Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын бир нече гильзаларын табышкан. Ошондой эле тартип сакчылары тарабынан каза болгон жигиттин өздүгү аныкталып, ал Таш-Көмүр шаарында туулган 32 жаштагы Мирлан Жоробаев аттуу жигит болсо, ал эми бутуна ок тийип ооруканага жеткирилген Аксы районунун тургуну 23 жаштагы Ислам Атабеков болуп чыккан.

ШЕКТҮҮЛӨРДҮН БИРИ КАРМАЛЫП, ЭКИНЧИСИ ИЗДӨӨДӨ
Бул кылмышка 4 адам шектелип, алардын экөөнүн өздүгү аныкталган. Жеке ишкердик менен алектенген (үстөгү менен карызга акча берет) Кочкор-Ата шаарында төрөлгөн 41 жаштагы Касымбек Эргешов жана дагы экөө издөөдө болсо, Ош шаарында туулган 35 жаштагы Жеңиш Дооталиев көп өтпөй колго түшүрүлүп камакка алынган. Иликтөө учурунда ал кылмышын мойнуна алып, Стечкин тапанчасын октору менен өткөрүп берген. Мындан сырткары мушташтын дагы бир катышуучусу 33 жаштагы Мирдин Батырбеков деген жигиттен уруксат документтери бар Форт-12 үлгүсүндөгү травматикалык тапанча табылып, тартылып алынган.
Суралган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү азырынча түрдүүчө чыгууда. Жабырлануучу тараптын айтымы боюнча окуя төмөнкүчө болгон. Жабырлануучу тараптын бирине Касымбек Эргешов 9 миң доллар акча карыз болгон. Ал бир нече досторун чогултат да, карызын дооламакка Бишкек шаарынын Совет-Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн ичинде жайгашкан Касымбектин кеңсесине келишет. Бирок кеңседен Эргешовду таппай, телефонуна чалышканда ал Түштүк дарбазадагы эс алуу багында жолугууга чакырат. Аталган аймакка жабырлануучу достору менен барса, Эргешовдун жанында да өзүнүн кишилери болгон. Сүйлөшүү учурунда эки тараптын ортосунда чыр чыгып, Эргешов тараптан бирөөсү жанындагы тапанчадан ок чыгарган. Андан соң алар 2 машинага отуруп изин суутуп кетишкен.

«МЕН КОРГОНГОМ»
Кылмышка шектелип кармалган ЖЕҢИШ ДООТАЛИЕВ «жабырлануучу тараптын куралын тартып алып аткам» деп билдирүүдө
– Мен аларды тааныбайм. Алар дүкөнгө келип коркутушуп, агам экөөбүздү телефон чалып чакырышты. Биз чечишип алуу үчүн жолугушууга бардык. Бизди көпчүлүк болуп сабап киришти. Анан агамды атып жиберишти эле, ал жыгылып калды. Мен коргонуп жатып, балдардын биринин тапанчасын тартып алып, бир нече жолу атып жибердим. Бирөөсүнүн башына ок тийгендей болду, анан мен качып кеттим.
Ал эми бутуна ок тийип жаракат алган Ислам Атабеков учурда Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда дарыланууда. Ага жолугуп, окуя кандай болгондугун сураганыбызда ал «ошол күнкү окуяны эстегим да келбейт» деп айтып берүүдөн баш тартты.

«БАШКЫ ШЕКТҮҮ КАРМАЛА ЭЛЕК»
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери ОЛЖОБАЙ КАЗАБАЕВ бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү делинип 1978-жылы Ош шаарында туулган Жеңиш Дооталиев аттуу жаран колго түшүрүлдү. Ал кылмышын мойнуна алып, 16 огу менен АПС үлгүсүндөгү тапанчаны өзү өткөрүп берди. Табылган гильзалар жана канга боёлгон чүпүрөктөргө карата соттук-баллистикалык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган. Учурда кылмышка шектелип кармалган Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, калган катышуучуларды издөө, кармоо иш-чаралары жүрүп жатат.


ЖАЛАЛ-АБАДДА КРИМАВТОРИТЕТТИ АТЫП КЕТИШТИ
Бул атышуудан көп өтпөй Жалал-Абад шаарында Боке каймана аттуу кримавторитет Болот Маматов атып өлтүрүлдү.
5-март күнү саат күндүзгү 12лер чамасында Жалал-Абад шаарынын Могол көчөсүндөгү үйүнөн чыгып баратканда аны белгисиз адамдар атып кетишкен. Төшүнө 2 ок тийген Болот Маматов ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Ал Макаров тапанчасынан атылган октон каза болгондугу аныкталган. Болот Маматов кримавторитет жана уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турган. ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери Таалайбек Суусунбаевдин айтымында, 38 жаштагы Болот Маматов 2010-жылы кылмыш дүйнөсүнөн четтеп кеткен экен. Бирок кээ бир маалыматтарга караганда, ал жакында эле өзүн Жалал-Абад облусунун «положенеци» кылып шайлап алган. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Жалал-Абад шаардык жана облустук ИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышкерлерди издөө иштери жүрүп жатат.

Негизи эле мындай ок атышуу менен коштолгон чыр-чатак өлкөбүздө көп кайталанууда. ИИМдин билдиришинче, 2010-жылкы Апрель, Июнь окуяларында жоголгон куралдардын жарымы али кайтарыла элек. Бул куралдар кээ бир кылмыштарга колдонулган учурлар да бар. Мындан башка да кылмыш топторунун мүчөлөрүнүн колдорунда курал бар экендигин эске алсак, өлкөбүз кадимки Сицилия жыттанып калбаса экен деп чочуйсуң.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН
Стечкиндин автоматтык тапанчасы (АПС), калибри 9 миллиметр. АПС согуш аракеттерине түздөн-түз катышкан офицерлерди жана кээ бир атайын бөлүктөрдүн сержанттарын куралдандырууга багышталган. Аны «чёрный рыноктон» табуу да оңойго турбайт. Тапанча 2010-жылдагы Апрель окуясында
жоголгондордун катарында болушу мүмкүн.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Карыздын айынан атылган ок адам өмүрүн кыйды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kurguz...
2013-03-11 19:40:18
90чу жылдан ото елек екенбиз биз али,россиядан 23жыл артта калыппыз!
0
Voin.teni
2013-03-11 22:10:33
23 жыл Орусиядан аркадабыз, Грециядан 3 кылым аркадабыз... Бирок орустарда да кримчойронун авторитеттерин атып тынышты го, 3 сун атып ташташты
0
ilgez
2013-03-12 05:55:36
Бирин олуп бирин кал !!!
Тынчыраак жашайт элибиз эч кандай криминалы жок
0
№ 540, 8-14-март, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан